ИИМ Академиясынын студенттерине окуусу аяктагыча тамак берүү сунушталды

"ИИМ Академиясында окуган студенттерге окуусу аяктагыча тамак берүү керек, себеби дени сак милиция өлкөнү жакшы коргоп берет", - деп бүгүн, 15-апрелде Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

"Бүгүнкү күндө ИИМ Академиясында 1-курста окуган студенттерге 1 маал ысык тамак берилет. Жылдан жылга 1 курстан кошуп, баарына тең ысык тамак берүүнү киргизүү зарыл. Себеби дени сак, курсагы ток болсо, өз кызматын, ага жүктөлгөн милдеттерин да жакшы аткарат. Буга чейин алар сабакта машыгуу учурунда эси ооп калган учурлар да болгон. Баарынын эле эртең менен же түштө тамактанганга мүмкүнчүлүгү болбойт. Канттагы бала уурдалганда элдин баары милицияга кандай ыраазы болушту. Алардын окуп жаткан учурунда тамак-ашына көңүл буруу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2019-04-15 14:11:19
Баласы Академияга тапшырган окшойт,мурун каякты карап журду эле ?
+10
BarsBaatyr
2019-04-15 14:40:19
Академияга жөнөкөй үй-булөлөрдүн балдары окуй алышпайт го. 99% пайыз жетиштүү үй-бүлөлөрдүн балдары окушат. Ошондуктан тамак бериштин зарылчылыгы болбосо керек. Мүмкүн кийинчерээк өнүгүп кетсек анан ойлонорсуңар. Азырынча башка маселелер толтура.
+6
Maks_shop
2019-04-15 15:20:35
Беш кол тен эмес туугандар ,менин акем окуган ошол жерде окууну бутуп келгенде ашказанда жарасы менен кайтып келген айтпай чыдап журо берген экен курсаны ач болсо да азыр оор тамактарды жей альай калган
-2
Aiymkunumjyldyzym
2019-04-15 23:30:55
Oi azyr berbei ele koigula,jumuwka kirgende ozdoru ele semirip alat bat ele.Bawka maselelerdi chechip algylachy,,,,
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан