Башкы прокурор чет жакта жазасын өтөп жаткан жарандардын саны боюнча маалымат берди. Эң көбү Орусияда соттолгондор

Чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан Кыргыз жарандарынын саны 1 миң 782ни түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча чет өлкөдө соттолуп, жазасын өтөп жаткан жарандардын саны 1 миң 782. Эң көбү Орусиянын аймагында жазасын өтөгөндөр. Алардын саны 1 миң 455, Казакстанда 212, Кытайда 18, Германияда 14, Түркияда 8, Тажикстанда 34", - деди Жамшитов.

Бүгүн комитет жыйынында башкы прокурор өткөн жылы аткарылган иштер боюнча отчёт берди.

Чет өлкөдөгү абактарда канча Кыргыз жараны жаза өтөөдө?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан