Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдон канча айлык аларын сурады.
"Вице-премьер-министр, министрлердин орун басарлары, мекеме башчыларынын орун басарлары сиздер айлык-маянага жашабайсыздар да. Кандай жерлерде тамактана турганыңыздарды баары билет, балдарыңыздар кымбат баалуу бала бакча, мектептерге барат. Айрымдардын балдары чет өлкөлөрдө окушат. Замирбек Марипбаевич, сиздин айлыгыңыз канча?” - деп сурады депутат.
Аскаров баарын кошкондо 40 миң сомдун тегерегинде айлык аларын айтты.
Депутат: "Бул акчага жашоого болобу? Эми чындыкты айталы”, - деди.
Замирбек Аскаров ушул айлыкка эле жашай турганын билдирди. "Балдарым жөнөкөй эле бала бакчага, мектепке барат. Кафеге бир айда барса бир жолу барам. Мен түштө үйгө барып тамактанам”, - деди Аскаров.
Мындан соң депутат министрлердин орун басарларынын айлык акыларына кызыкты. Алар айлыктары 28 миңден 35 миң сомго чейин экенин билдиришти.