SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" жана Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" чыгармасы кошулду.
10-АПРЕЛДЕН 17-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орунга - Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" видеоклиби ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы ээледи.
8-орун - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клибине буюрду.
7-орунду - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы камсыздады.
6-орунда - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" клиби жайгашты.
5-орунду - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" видеоклиби багындырды.
4-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасына буюрду.
3-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунда - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы жайгашты.
1-орун - Мирлан Баековдун "Сүйүү тагдыр" аталышындагы клиби эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.