Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан 139 интернет сайты жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"Өткөн жылы мындай интернет булактарын жабуу жөнүндө 31 доо арыз келтирилип, алардын кароолорунун жыйынтыгы менен соттор 139 интернет сайтына жана 220 интернет баракчасына тыюу салган", - деди ал.
Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берүүдө.