"Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында акысыз кызматтар жок, бирок көрсөтүлгөн кызматтарга болгон баалар менчик клиникаларга караганда арзан болот" деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов билдирди.
Бүгүн парламентте Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы тууралуу маселе да каралууда.
"Бул маселени бир жыл үч айдан бери карап жатабыз. Оңдой турган жерлеринин баары оңдолду. 100 пайыз белек катары салып жатат деп айтылды. Жалпы каражаты 19 миллион доллар деп бир нече жолу кайталанды, анын 4 миллион доллары айлыкка кетет деп айтылууда. Бул жерде министр бир нерсени айтпай жатат. Акысыз эч кандай кызмат болбойт.
Бирок өзгөчөлүгү - төлөнгөн акчанын баары оорукананын кассасына түшөт. Оор операциянын орточо баасы 1 миң доллардын тегерегинде болот. Ар кандай анализдерди тапшыруудагы баалар менчик клиникаларга караганда арзаныраак болот. Жылдык кирешеси 9,5 миллион долларды түзөт. Оорукана толук кандуу иштеши үчүн 7,5 миллион доллар сарпталып жатат. Мекеме бизге өткөрүлгөн маалда, оорукананын кассасында 20 миллионго жакын доллар калышы керек деп айтылган.
Анын эсебине 20 миллион калтырып, жыл сайын орто эсеп менен 2,5 миллион доллардан пайда алып келе турган болсо, аны сатуу же жеке менчикке өткөрүү деген сыяктуу маселе көтөрүлбөшү керек. Эгер мен айткан нерселер орундалбаса, 4-жылга кеткенде токтоосуз бул маселени коюу керек", - деди депутат.