Депутат Айтмамат Назаров асыл тукум чарбаларын дотациялоого каралган каражатты өз багытында жумшоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Депутат бул иш-чараларга парламенттин тармактык комитети Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети көзөмөлгө ала турганын билдирди.
Жыйында өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Мыйзам долбоорунда депутаттардын сунушу менен асыл тукум заводу, фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субъектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте ишке ашырылары белгиленген. Жыйынтыгында комитетте аталган мыйзам долбоору жактырылды.