Садыр Жапаров: "Дастан уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым"

Бүгүн, 28-августта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтүп жатат. Садыр Жапаров баласына топурак салууга келди.

"Дастандын бейишин берсин деген тилегиңиздер кабыл болсун. Эки жыл мурда атамды, анан апамды, эми баламды жоготтум. Бул Кудайдын буйругу экен. Негизи жакынынын тажиясына катышууга жол берилбейт экен. Мыйзамда жазылбай калыптыр. Мени уулумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөткөнү үчүн Жээнбековго рахмат. Аз да болсо, көксөөм канды", - деди Садыр Жапаров.

Андан ары саясатчы уулуна эки дүйнө ыраазы экенин билдирди. "Дастан уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым. Эң оору балаңды, ата-энеңди жоготуу экен, ичимден кан өтүп турат", - деди ал.

26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.

2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген.

Ушул жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан.

Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
Садыр Жапаров: “Дастан уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым“
Дастан Садыр уулунун тажиясында бир да мал союлган жок
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
erkinali858585
2019-08-28 11:30:41
Алла рахмат кылсын, бул дүйнөдө билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун
+14
toktor89
2019-08-28 11:34:40
Бараар жери фирдаус бейиши болсун.
+11
JaneEr
2019-08-28 11:45:38
Садыр Жапаров сизге конул айтабыз...Сабыр берсин...Жакындарыныздын жаткан жери жайлуу болсун!
+12
zhykyo
2019-08-28 11:47:32
Ичтен кан отчудой эле тушунуп турабыз.жаткан жери жайлуу болсун.Сабыр сабыр
+10
katerina.li
2019-08-28 11:59:11
Ыйлаттыго ушу жанылык. Кудай башка салбасын. Эч Ким балам деп ыйлабасын.
+22
Eli.91
2019-08-28 12:34:09
Эх эн жакын инсанынды жоготуу кандай оор.Башка салганды корбоско айла барбы.Баары бир гана Алладан.Бул жашоодо жакынындан убактылуу гана айрылуу.Туугандар чыныгы жашообузда туугандарыбыздан айрылып калуудан корколу!Алла Таалам чыныгы жашообузда баарыбызды семябыз менен бир кылууну насиб этсин Бейишинде.Садыр байке сабыр кылыныз бул жашоодо баланызды жоготуп алдыныз,Инш Алла чыныгы жашоодо бир болунуздар Бейиштердин Бейиши болгон Фирдаус Бейишинде Алла Таалам бир кылсын амин!
+6
sezim-312312
2019-08-29 02:21:09
Eli.91,аллах сизден ыраазы болсун
0
Nuri1988Elim2010
2019-08-28 13:35:10
Сизге кошулуп бизда кабыргабыз кайышып турат.Тезирээк акталып чыксаныз экен
+1
KG.Kushtarbek
2019-08-28 14:03:55
Малатсы президентибизге Закон закон дебей Баласынын жаназасыга жонотуптур Кээ бир закондор бар шариятка туура келбейт бирок малатсы тушунуктуу Мусульман бир туугандарывыз Бар Ак уйдо Силерге Аллах озу куч кубат берсин
0
Bektur2011
2019-08-29 09:22:54
Президентке рахмат, адамгерчилик кылып жатат
+1
altyn-kumush
2019-08-29 09:25:29
бийлик адамгерчилик кылып Садырды уулунун тажиясына жөнөткөн тура. Азамат.
+1
Erik2018
2019-08-29 09:45:21
Бийликтегилерге рахмат кыргыз болгондон кийин мыйзам дей бербей жамандык жакшылыка бир кунго чыгарып коодонун суутуп алганга шарт тузуп бериптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан