Бүгүн, 28-августта абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун баласы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтүп жатат. Садыр Жапаров баласына топурак салууга келди.
Маркум тууралуу Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров буларды айтып берди: "Садыр менен келин үйлөнгөндө адегенде ушул үйдө жашашты. Дастан ушул жакта жүрүп чоңойду. Абдан ичибиз ачышып жатат. Үйлөн десек атам камакта болсо кантип үйлөнөт элем дечү. Ага карабай үйлөндүрүп койсок, балким, мындай иш болмок эмес деп өзүбүздү күнөөлүү сезип жатабыз. Садырдын башынан жети жылдан бери ар кандай сыноо кетпей жатат. Иним камакта болбосо, балким, Дастан мотоцикл айдамак эмес, балким, ал жакка бармак эмес деген түрдүү ой басат экен".
Жаназа окулуп жаткан учурда Садыр Жапаров "Дастан уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым" деди.
Маркумдун сөөгү жерге берилди.
26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.