SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Нияз Абдыразаковдун "Жубайыма" клиби кошулду. Нияз Абдыразаков бул чыгармасынын клибине сценарийди өзү жазганын, монтажын дагы өзү жасаганын айтат.
"Чыгарманын сөзү Тимур Салиевге, обону менен аранжировкасы мага таандык. Чыгарма даяр болгондон кийин сценарийин жазып, клип тарттык. Клип тартууда мага Нурлан Мамакеев жана ырчы Иса Өмүркулов жардам беришти. Клиптин монтажын өзүм даярдадым. Буга чейин репертуарымдагы көп эле клиптеримдин монтаждарын жасап келгем", - дейт ал.
17-АПРЕЛДЕН 24-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орунга - Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орун - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы 2 баскычка төмөндөдү.
8-орунду - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" чыгармасы камсыздады.
7-орунду - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" видеоклиби ээледи.
6-орунда - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы жайгашты.
5-орунду - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" чыгармасы багындырды.
4-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасына буюрду.
3-орун - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" клиби багындырды.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.