Президент сүйлөп жатканда жетекчилерден эч ким уктаган эмес. Мындай оюн бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев билдирди.
"Биз видеону көрүп чыктык, жолугушуу саат 10:00дөн баштап саат 12:00гө чейин уланган. Анда бир да жетекчи уктаган эмес. Бул боюнча туура эмес маалымат тарап жатат. Президенттин сөзүнөн кийин форум улантылган. Эгер башчылар уктаган болсо, анда аларга аткаруу бийлиги чара көрөт", - деди Дыйканбаев.
Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселе бир нече жолу көтөрүлүп, уйкучу жетекчилерди кызматтан алуу сунушталган болчу. Ал эми өкмөт башчы бул окуя боюнча катуу чара көрүлөт деп убадалаган.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган.