"8 миң сом айлык милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө жетеби?" деген суроого министр: "Жеткен үчүн жашап жатабыз да"

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште өкмөт отчёт берүүнү улантууда. Анда депутат Урмат Самаев ички иштер министрине кайрылып милиция кызматкерлеринин орточо айлык акысы канча экенин сурады.

"Кашкар Астаканович, азыркы учурда ИИМдин сержанттык курамынын айлыгы канча?", - деди Самаев.

Буга министр Кашкар Жунушалиев "бизде кичүү сержанттык курамдын айлыгы 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин" деп жооп узатты.

"8 миң деп жатасыз, алган акчасы милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 айга жетиштүү болобу?" деди депутат.

"Жеткендиктен жашап атабыз да" деп жооп берди министр.

Милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча кандай иш-аракеттер жүрүп жатат деген суроого министр: "Азыркы күндө күч органдарынын кызмат өтөөсү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Алардын айлык акысын көтөрүү боюнча маселени 2-3-окууларда чогуу карайбыз", - деди.

Министр милициянын 8 миң сом айлыгы боюнча: "Жеткен үчүн жашап жатабыз да"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Avrora2017
2019-04-25 14:20:29
Ач кадырын ток билбейт болуп бул с...лар оздору былчыйта жешетда уурдап, 8 мин сом кантип жетсин, продукталарына эле кетсе керек ошол акча, ошюн учун ментер шабашка кылабыз деп канча куноосуз адамдарды кармап акча сындырышат же куноолу болуп адам олтургон болсода акчасын берсе койо беришет бул болуп турган эле иш, адамдардын убалы бир тыйын ментеринерге,тем более силерге министрлер кычыраган, ошондуктан маянасын которуп койгула шумшундотуп элди тонотпой, бир жагынан силер тоносонор, анан кантип
+2
Avrora2017
2019-04-25 14:30:48
Avrora2017,анан кантип мамлекет онолот, кантип элдин жашоосу онолот, кете беришетда тентип эл журт башка олколорго акча табабыз деп , акыркы 100 жылда киши деле калбайтго кыргызстанда, особенно жаштар ккалбайт потому что будущий жок бизде. Так что былжырабагыла микрофондун астында оозунарды чоюп манаптар
+3
Baicho_0707
2019-04-25 14:23:28
Озунуку жетет! 8минге озу жашап көрсүн чу. Генералдын айтканы ушу болсо, жыргаган экенбиз.
+6
almanbetperm
2019-04-25 14:24:51
Россияда иштейм, айлыгым 60 тан ойдо бир семьяга жетип жетпей калат. Анан кантип жашап атышат милиционерлер 8 минге?
+6
Kaary
2019-04-25 16:55:03
almanbetperm, эмне иш кыласыз э? Тарттырбайспы бизди дагы :))
+3
Respect.
2019-04-25 14:46:01
8 миң айлык үчүн милиция коррупцияга малынган да...
+7
Skarlett-Skarlett
2019-04-25 16:26:53
Байкуш милиция,мугалим,дарыгерлер.Айла жок взятка алышат да.Айлык аз,баарынын уй булосу бар да.Айлык акыны жогорулатуу керек.
+4
Jazhoo-soonun
2019-04-25 16:36:20
Озунон артпайт 8мин сом.кагазына,бензинине?отчетуна...башка жыйды жыйдыларын айтпай эле койойун
+3
aliya-leyla
2019-04-25 20:33:48
Jazhoo-soonun,эн туура. Жада калса кагаз тетраддарын оздору атышат. Ручка быякта турсун. Анан сегизге мин жетмек беле. Жол киресинен ашпайт. Машинасы барлардын Бир айлык бензинине жетпейт. Уй булоосу бул жакта турсун. Озу сегиз минге жашап корбогон да.
+2
atanazarov10
2019-04-25 16:51:57
Мен жогоркуу окуу жайды 4 жыл окудум ( Бакалавр ). Окууну бутуп 1жылга Армияга бардым. 2016-жылы Милицияга(ПМ) 50мин пара берип кирдим 12мин айлык. 6ай иштеп чыгып кеттим айлыкка байланыштуу. Жаны киргендер сабашка кыла албайт. Ал акча жуккандарга жугат экен.
Мен 4жыл окуума контракты кошкондо 100*4=400+50пара+аш+шефке=500мин кетти...
Азыркы учурда Европада кара жумушта иштеп жатам (айлык 8ч иштейсин примерно 1-500-2000€ чейин тааап жатабыз). 1жыл болду магистратурада окуп жатам (заочный
+3
atanazarov10
2019-04-25 16:53:35
5жылдан кийин депутат болуп калсам тан калбагыла. Азыр башта эч нерсе калбады. Нормально жумушка кириш учун нормально таанышын болуш керек. И калыны обязательно)))
+1
brentfo
2019-04-25 18:58:07
Бизде жумуш жок 12000 блосода иштейт элем
0
elchi84
2019-04-25 19:01:33
Айлыктарды кобойтуу оной эле ушул депутарды 40га азайтып калганын акчаларын ошолордун айлыктарын кобойтуш керек .Бекер эле ак уйдо олтурушат пайдасы жок.Семиртип эле багып жатабыз.
+4
Kapriz
2019-04-25 19:35:32
Чынын айтканда 8000 сом уй булоо бакканга эмес озундун башына жетпейт. Мен мугалим, жаш кадр деп 10.000 алам.(магистратура да бутуп алгам кыйын болуп +2000 болот деп угуп
+3
mazya9292
2019-04-26 09:02:40
8000 сом айлык бүгүн кечинде карточкага түшсө эртең кечинде түгөнөт.Карыздарга берип эптеп арттырып жатып 2000 сомго продукту аласың. Жолго деп 1000 сом арттырып жумушта кукси ичип олтурасың лепёшка менен. Үйбүлөнү эки жакка алып чыга албайсың. Конокко барайын десең акча жок же кийгенге тыңыраак кийим жок аялыңдын дагы өзүңдүн дагы. Анан милиция болсоң элден чыгасың деген сөздүн төркүнү ушунда жатпайбы катышайын десең чөнтөктө сокур тыйын жок болсо ким мн катышасың.
0
Bak.taalai
2019-04-28 00:37:01
Оо, куруган министр сорой! Сен кайдан билесин ошол 8мин жетип жашап жатканын, 8мин сенин бир кундук чыгымын да, бир кунго жеткирип жашап жатсан керек. Жонокой милиция кызматкерине 8мин берет иши кундоп тундоп анысы аз келгенсип выговор чаптап 2минин алып коет. Бул биринчи корунуш. Экинчи корунуш бир жерге туруктуу иштетпей которосунар которулган айылдагы уйго да кем дегенде 1жарым мин (1500сом)ден кем эмес кварт.плат толошот. Балдарын садикке беришет, алардын кийими садиги тамак ашын эсепте жон
0
Bak.taalai
2019-04-28 00:41:13
Эсептеген сон кантип жашап атканын корсон жашып ийээрсин. Аялынын кийим дегенин айтпай деле эсептебей деле кой. Андан сырткаркы аларда да бар тууган урук, алыш-бериш, катыш деген ошолорго сегиз мин жетип жыргап жашап жаткан катардагы милиция кызматкерлерине данк жана дунк! Аялдарына андан бетер аны милиция кызматкерлеринин аялдары гана тушунсо керек, соз менен айтканда пайда жок. Туура ал кесипти суйуп тандап иштеп эл керегине жарап сооп таап жатышат бирок ошол эмгегин баалап коюш керек, 8мин же
0
Bak.taalai
2019-04-28 00:54:34
Айдын башында эле баягы тугонбос 8мин айлык тугонот экен. Анан ай ортолоп аяктап калганда кичинекей балан чупа чупс дегенде сокур тыйынын жок калганда ичин ачышат. Бала деген бала да тушунбойт, карыздасан да алып бересин бирок ошол чупа чупска акчан калбаганда ыйлагын келет. Дагы айтчу коп созум бар эле бирок бул баары бир жетпейт ошол учун созумду ушул жерден токтоттум! (Кудай сактасын 8миндин козун карап калгандан ал да акча, бирок айына эки адам бириккендеги айлыгыбыз 30мин ошол жетпейт. Ошол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан