Кечээ, 25-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Урмат Самаев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге милиция кызматкерлери канча айлык алат жана ал акча үй-бүлөсүн багуу үчүн жетеби деген суроо узаткан. Бул суроого министр "жашап жатабыз го" деген жооп узаткан.
Мындан улам Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
"Айрым маалымат каражаттары министрдин жообун туура эмес түшүнүп алышкан. Депутаттын суроосуна министр Кашкар Жунушалиев “мүмкүн болушунча жашап жатабыз да, жетишинче” деп жооп берген. ИИМдин башчысы өз жообунда милициянын кенже сержанттык курамы чындыгында 8 миң сомдон 12 миң сомго чейин аларын белгилеп, бирок ал каражат жетиштүү экендигин айткан эмес. Аны видеодон текст жана эмоция түрүндө байкоого болот.
Ички иштер министри суроолорго жооп берип жатып, парламенттин депутаттарын экинчи окууда ИИМ тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун колдоп берүүнү суранган. 2018-жылдын 28-июнь күнү Жогорку Кеңеш “Укук коргоо органдарында кызматын өтөө жөнүндө” мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алгандыгын эскертебиз. Мыйзам долбоорду экинчи окуунун алдында зарыл болгон сунуштар менен эскертүүлөрдү киргизүү үчүн кошумча кеңири талкууга коюу сунушталган. Мыйзам долбоорун кабыл алууда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, биринчи кезекте катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ички иштер органдарында кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүлөт. Укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсиялары 40 пайызга чейин көбөйтүлөт", - деп айтылат маалыматта.