Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг өтүүдө. Анда 300гө жакын адам катышууда. Алардын арасында катышуучулардын арасында экс-депутаттар Чолпон Жакупова, Равшан Жээнбеков, экс-элчи Кылычбек Султан, тарыхчы Элери Битикчи, активисттер Адил Турдукулов, Алга Кылычов, Өндүрүш Токтонасыров, Рита Карасартова бар.
Иш-чара саат 10:00дө Ак Үйдүн алдында башталды. Топтолгондон кийин митингчилер Манастын эстелигинин алдына жөө жүрүш жасап, ушул жерде акциясын улантышууда.