Баткенде Жеңиш күнүнө карата 4 мамлекеттен 117 өспүрүм катышкан фестиваль өтөт

Баткенде Жеңиш майрамына карата 4 мамлекеттин өспүрүмдөрү катышкан фестиваль өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Баткен шаардык Маданият бөлүмүнүн башчысы Равшанбек Бадалов билдирди.

Маалым болгондой, "Жаш таланттар достугу" аталган фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсүнөн 9 жаштан 16 жашка чейинки 117 өспүрүм катышат.

"Чыгармачыл жаш таланттардын фестивалы шаардык администрациянын демилгеси, ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 15-майда Апаз Жайнаков атындагы облустук драма театрында өтөт. 16-майда конокторго Алмалы жайлоосу менен Суу-Башы капчыгайын көрсөтөбүз. Достук фестивалы "Манас" ордосун кыдыруу менен жыйынтыкталат. Катышуучуларга атайын белектер тапшырылат", - деди Бадалов.

Маданият бөлүмүнүн башчысы Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 20дан бала, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 57 бала фестивалга катышарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан