Бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасынын директоруна сөгүш берилди

Бир керебетте 4-5тен, калганы полдо уктап жаткан Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасынын директоруна сөгүш берилди. Учурда бала бакчада текшерүү иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

"Бала бакчанын директору Айнагүл Мадылбаевага сөгүш берилди, мындан бала бакчанын тиешелүү кызматкерлери да жазаланды. Видео тарагандан бери бала бакчада күн сайын текшерүү иштери жүрүп жатат. Бүгүн дагы бала бакчага барып, жаңы эле келдик. Мындай текшерүү кийинки жумада да улантылмакчы. Азыркы тапта иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек", - деди Мейрманова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

23-апрель күнү интернетте бала бакчада 50гө жакын бала бир бөлмөдө, бир керебетке 4-5тен узун-туурасынан жатканы тартылган видео тараган. Кээ бири батпай калып, полдо уктап жаткандары да бар. Тасма Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасында тартылганы аныкталган. Бул видеодон кийин бала бакчага барган балдардын ата-энелери чогулушуп, арыз-муңдарын билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asman.81
2019-04-26 19:42:21
Айнагул Мадылбаеванын таянган тоосу кучтуу бекен,согуш менен элди,ата энелерди алдашыптыр да.Директор болуп иштешенге моралдык акысы жок болчу,озу билип эле кетпептир иштен.Байкуш балдар,мамлекетибиздин акыбалы бул болсо,балдарга ким конул болот эле!
+5
engel
2019-04-26 20:43:07
Согушшш!!????!!! Вы чё издевайтесь!! Анан болдубу? Крышасы аябай чон окшойт да
+5
uli1234
2019-04-26 20:44:24
Согуш эмес иштен айдаш керек
+5
BekAmir
2019-04-26 21:26:47
Булар миллиондорду жейт,шапкасы жок баланы садике бере албайсын.дамкраты ото кучтуу экен
+1
bond02
2019-04-26 22:21:09
Азыр согуш берилди деген бешенесинен сылап койгондой эле кеп да.
+5
Jasa
2019-04-27 18:30:21
Катуу тургула ата энелер,эмнеге согуш берилет,иштен бошотсун
+1
Chyngyz.jk
2019-04-27 18:31:14
Бул садикти катуу текшериш керек.Бир группада 80-90дон ашык бала бар,мурун эле бир кроватка экинден үчтөн жатышчу.Кыздардын чачтарын тазалап жиберсең кайра эле биттеп келет.Бул жерден сарык дагы чыккан, аны дагы акчанын күчү менен басып коюшкан болуш керек. Булардын финансы жагын дагы текшериш керек,анткени садике төлөгөн акча банк аркылуу өтпөйт.Акчаны алып бир тетрадька жазып коюшат.Бир баланы садике алыш үчүн 100 доллардан кем алышпайт.Пропискага карабайт акча берсең балдарды ала берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан