Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды. Журналист Кайыргүл Урумканованын айтымында, өкмөткө сын айтуу өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү.
“Биз, журналисттер былтыр Германияга барганда “Чек арасыз репортёрлор” уюмунун өкүлдөрү менен жолукканбыз. Алар “Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн арасынан Кыргыз Республикасында жакшы жылыштар болчу эле, бирок 2 жыл ичинде силердин көрсөткүчүңөр төмөндөп кетти” деп айтышкан. Ошондо биз “Атамбаевдин убагында ушундай болуп калды. Бир нече журналисттер кысымга кабылды, “Сентябрь” телеканалы да жабылды” деп түшүндүргөнбүз. Ушунун баары уюмдун баяндамасына кирген.
Бир жыл ичинде 15 тепкичке өсүш – бул жакшы көрүнүш. Чын эле Кыргыз өлкөсүндө биз Борбор Азиядагы мамлекеттерге караганда пикирибизди жана элдин пикирин эркин айта алабыз. Рейтингде 83-орунда жайгашканыбыз менен токтоп калбай, алдыга дагы көп кадам жасаш керек. Бийлик сындарды туура кабыл алып, ММКлар менен чогуу иштешсе, анда алдыга жылыш болот. Эгер такыр сын айтылбаса, өкмөт жайбаракат жашап калат. Эч нерсеге умтулуу жок болот. Өкмөткө карата сын айтып туруш керек. Биз, журналисттер дагы өз жоопкерчилигибизди сезип, далил менен сын айтып, жогорку кесипкөйлүгүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл”, - деди Урумканова.
Медиа эксперт Марс Тулегенов, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов, журналисттер Шайырбек Абдырахманов, Султан Каназаров, Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын пикирин бул топтомдон окуңуз.