"Уран казыла турган жерге боз үй тигип отуруп алабыз". Бишкекте уран казууга каршы митинг өттү (видео)
Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында уран казууга каршы митинг өтүп жатат. Митингге чыккандар уран казууга биротоло тыюу салууну талап кылып жатышат. Буга чейин Биринчи Май райондук башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн.
Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырган. Бирок "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаев тыюу салынганына карабастан "Ала-Тоо" аянтында митинг өтөрүн айткан.
10:47. Митингдин катышуучулары "Ала-Тоо" аянтына чогулууда. Алар колдоруна "Уран кени жабылсын!", "Уранга каршыбыз!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
11:03. Максим Горький атындагы сейил багында Балыкчыдан уран казууга каршы митингге чыгуу үчүн келген 200гө жакын адам чогулду.
11:12. Митингге чыккандар "Уран жабылсын" деп кыйкырышты.
11:14.Дөөлөт Сыдыков депутаттарга митингге чакыруу берилгенин, бирок алар келбегенин айтты.
11:17.Токтайым Үмөталиева кен казуу боюнча мораторий киргизилишин талап кыла турганын айтты. Ошондой эле лицензияларды кайтарып алуу керектигин билдирди.
11:22. Дөөлөт Сыдыков митингде урандын жабылышы боюнча гана сөз болушу керектигин эскертти. Саясат аралаштырылбашы шарт деген пикирин билдирди.
11:25. Митингчилер дагы бул маселеден саясат жасабай, лицензия берген аткаминерлер жоопкерчиликке тартылышы керектигин айтышууда. Ошону менен катар эле "Ала-Тоо" аянтына барбай турганын билдиришти. Дөөлөт Сыдыков "чагымчылдар Ак Үйдүн алдына баралы" деп жатышат деди.
11:33. Митингдин катышуучусу Анара Чикирова"уран казыла турган жерге боз үй тигип, урандын казылуусуна каршы чыгабыз" дейт.
11:42. Жарандык активист Бекназар Айталиев:"Митингдин уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем. Митинг өткөрүү оңой эмес. УКМКнын кызматкерлери үйдү кайтарып алышат. Айрым маалымат каражаттары уран казууга каршы жөө жүрүш жасагандардын артында Алмазбек Атамбаев турат деп жазып жатышат", - дегенде митингдин катышуучулары саясатты аралаштырбоо керектигин дагы эскертишти.
11:52. Митингдин катышуучулары уюштуруучу Марат Акатовду элдин алдында "сатылып кетпейсизби?" деп сурашты. Марат Акатов эч кимге сатылбай турганын айтты.
12:09. Митингдин катышуучуларынын бири Мелис Каиров өз ыктыяры менен Ысык-Көлдөн бери келгенин айтты. "Айрымдар уран жабылсын деп келип жаткан жок. Кечээ Балыкчыда өткөн митингден көргөн жокпуз", - дейт митингдин катышуучусу.
12:13. Митингчилер бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жатышат. Анда урандын казылышына каршы экендиги айтылган. Буга чейин кен казуу боюнча берилген лицензиялар кайтарылышын, мындан ары лицензия берилбеши талап кылынды.
12:15. Журналист Турат Акимов митингде резолюцияны кабыл алып, Ак Үйгө алып барууну сунуштады. Ошону менен катар эле биримдикте болуу керектигин айтты.
12:17. Дөөлөт Сыдыков "Ак Үйдүн алдына барбайбыз. Мыйзамдын негизинде митинг бул жерде аяктайт" деди.
12:19. Марат Акатов дагы Ак Үйдүн алдына барбай, митинг ушул жерде аяктай турганын белгиледи.
12:20. Резолюция кабыл алынып, митинг бата берилгенден кийин аяктаганы айтылды.
12:53. "Ала-Тоо" аянтына чогулган "Жашылдар партиясы" Горький сейил багын көздөй бет алышты. Партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев"милиция кызматкерлери аянтта өткөрүүгө болбой турганын эскертип, ошон үчүн Горький сейил багына жөө жүрүш менен бара жатабыз" деди.
Автор: Жылдыз ДжускембаеваФото: Жылдыз Джускембаева
Уран казганга уруксат берген адамдарга барбайсынарбы элди дүрбөлөң кылбай
-6
Kychtyy
2019-04-30 11:34:59
Келсе упай топтоп атасынар деп жаман коросунор. Келбесе тоготбой койду деп соз кыласынар. Элге тушунуп болбойт негизи.
+1
Nur777
2019-04-30 12:06:44
Мен колдойм,мен да каршымын,бирок лицензияны кайтарып алды деп жатышат го?Суроттору менен ФБда журот го лицензия кайтаруу боюнча кол коюлган кагаз документ...Же дагы башка талаптар барбы?Тушунуп турган жокмун.
0
Aikaaaa
2019-04-30 12:41:25
Nur777,эч кандай печаты жок кол коюлган кагазды көрсөтүп жатышат
-1
Simels
2019-04-30 14:19:10
Nur777, Туура эч кандай печаты жок кагаз жон эле. Андайды менделе ворддон жазап печатайтетип кол коюп коем. Бул жон эле кагаз элди келесоо ойлошот окшойт булар.
+3
Baicho_0707
2019-04-30 12:26:50
Take men эмне болуп дурболон болуп атасын! Андан коро уран жабылсын деп дурболон болбойсунбу! Уран иштесе эмне болот билесинби,урпактарына чейин оорулуу болосун олуп эле калбасан. Булар келечек учун куйуп атат тушунбосон. Уйго жатып алып акылдуу боло бербе да.
+2
Avrora2017
2019-04-30 14:58:42
Былтык бет депупаттарда эмне жок, чыкса эл чыгат калп эле куйруктай болуп ээрчип алгандарын, ушулардын эл учун жер учун деп куооруно деле ишенбейм, лижбы оздорун бир корсотуп калыш керекда буларга. моменттен пайдаланып
+2
ruslanz
2019-04-30 17:34:56
Казууну токтотушпадыбы.Булардын кылаарга жумушу жокбу,же акча таап жатышабы.Жон чыгышпайт эле жакшы акча алышат го.
+2
Sajakat14
2019-04-30 17:46:59
ruslanz,ал калп эле сөз! Анчалык дагы наивныйсыңбы? Токтотуп койгондой эле оюнчук беле келишим. Токтотсо Кыргызстан тарап миллиондогон штраф төлөп калат. Элди жоотуш үчүн эле өкмөт калпты урдуруп койду!
+1
Sajakat14
2019-04-30 17:54:40
Кыргыздын жерин коргоп чыккан жердештериме ыраазымын! Көздөрүбүздү ачып жашоо үчүн күрөшөлү. Болбосо кыргыз тукум курут болот. Уран шамал менен Казакстанга дагы жетет экен! Чүй менен Бишкекке уран ансыз деле жетет. Аялдар төрөй албай калат. Төрөсө дагы мулжу, акылы кем, мутант болуп төрөлөт адамдар, малдар дагы! Эркектер тукумсуз калат. Урандын радиациясы жыттанбайт, көзгө көрүнбөйт.Адамдар 40-50гө чейин эле араң чыгышат. Нерв, жүрөк оорулуулар көбөйөт! Уран бомба, атомдук бомба жасаганга керек
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.