Депутат Махабат Мавлянова балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыркы учурда ата-энеси жок жана кароосуз калган балдарга мамлекет тарабынан анчалык көӊүл бурулбай калды. Балдар үйүндө 12 миӊ бала бар, алардын 10 пайызы тоголок жетимдер. Бизди алардын кийинки тагдыры өтө тынчсыздандырат, анткени буга негиз бар. Алар колунда бир тыйыны жок көчөдө калгандыктан кылмышка аралашып кеткен учурлар арбын кездешет. Балдар үйүндө тарбиялангандар үчүн социалдык жатакана курулушу зарыл. Ошондой эле балдар үчүн банктарда депозиттик эсеп ачылышы керек. Анда топтолгон каражат алар балдар үйүнөн чыкканда колуна берилет жана жумушка орношконго чейин жашаганга болот. Ошондо балдар кылмышка аралашпай, жаман жосундардан алыс болушат. Мамлекет жетимдердин келечек тагдырын көӊүл сыртында калтырбоого тийиш", - деди депутат.