Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагына алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолдубаева "коррупция" беренеси боюнча шектелүүдө. Тиешелүү кылмыш иши 20-августта ачылган. Жолдубаеванын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери улантылып жатат.