Коомдук фонд: "Азиз Батукаевдин иши боюнча дарыгер камакка алынгандан бери рак менен ооруган балдарга операция жасалбай калды"

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган дарыгер Эмил Макимбетов менен Ирина Цопованы үй камагына чыгаруу суралды. Бул тууралуу "Эргэнэ" коомдук фондунун төрайымы SUPER.KG порталына Таалайкүл Сабырбекова билдирди.

Анын айтымында, рак менен ооруган балдардын ата-энелери тиешелүү катты ИИМге, Башкы прокуратурага жана Биринчи Май райондук сотуна жолдошкон.

"Камакка отургузулган профессор Макимбетов - Балдар ооруканасында ордун алмаштыргыс мыкты дарыгер. Ал күнүнө ар кандай операцияларды жасайт. Дарыгер камакка алынгандан бери ооруп жаткан балдарга операция жасалбай калды. Ал адам иштеши керек. Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына деле чыгарса болмок. Себеби тергөөгө чакырган убагында барып, калган убагын дарылап жаткан балдарга бөлөт эле да", - дейт Сабырбекова.

Буга чейин кармалган эки дарыгер СИЗО-1ге 26-июнга чейин камакка алынганы белгилүү болгон. Дарыгерлер "Батукаевге "рак илдетине кабылды" деген диагноз коюшкан" деп айыпталууда.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi010891
2019-05-04 08:12:07
анан уй камагына чыкан сон качып кетсин деп кой
+2
Beka1986
2019-05-04 08:44:22
Камалсын
+3
Dalil
2019-05-04 09:42:30
Бул оюн.
+4
talant87
2019-05-04 19:52:06
Камактан милиця алып кайра алып келсин менин оюм
0
barakcha
2019-05-04 22:23:51
Камалсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан