Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды

Депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 2-августта Биринчи Май райондук сотто Рысалиевдин баш коргоо чарасы каралды. Тергөөчү депутаттын ден соолугуна байланыштуу үй камагына алууну сунуштады. Сот тарабынан тергөөчүнүн сунушу канааттандырылды", - деп билдирди Биричи Май райондук сотунун басма сөз кызматынын өкүлү.

Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып, өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы" деген.

Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Chungyz
2019-08-02 21:59:09
Силердин ден соолуктарынар элди куйгузуп атат ко
+14
Tolkun555
2019-08-03 12:17:02
Сен ооруба мен ооруюн Ата Журт.
Деп жашашат биздин чиновниктер.
+1
Bektur2011
2019-08-04 23:42:08
Атамбаев да камалышы керек! Батукаевди ошол киши качырган
0
Altyn2017
2019-08-02 22:26:19
Камаш керек болчу муну деген
+12
JENTLEMAN
2019-08-02 22:27:26
Үй камагына чыгарып аябай туура калышыптыр, өзү мамлекетке силердин ден-соолугуңар керек, силердин ден-соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болсун, аябай көп жашагыла, дайыма бар болгула .ок курсактар. Биз силердей ач карышкырлар менен сыймыктанабыз.
+14
Bars88
2019-08-02 22:51:11
JENTLEMAN,Мындай карышкыр крысаларды Кыргызстандан башка жактан таппайсын.Мындай элита чимкириктер бир гана бизде бар
+9
toktor89
2019-08-02 23:07:51
Эми рактан башка кандай диагноз коюшаар экен
+3
Mamiev
2019-08-02 23:29:10
Чимкирик депутаттар деди эле экс ажообуз. Депутаттар эмес тегеле бийликтегилер соттор чимкирик турбайбы. Калдайган элди алдап акты соттоп карасын актап жатасыңар жок дегенде элдин каргышынан корксонор боло. А зарылбек (атын деле чоң тамга менен жазгым келбеди) артиске батыраак сакайып кетсин демекчимин
+6
mirkaa5182
2019-08-03 00:04:08
Бизде чындык жок да, бири камалып атат, бири чыгып жүрөт...
+2
Shabi
2019-08-03 01:33:48
Уй камагына чыгарган бойдон таппай калбагыла ишыгылса.Мунусунда Батукаев чыгарып кетпесин кыргызстандан.убагында мени да вип салдан узаткансын,мен да вип залдан алып кетем деп.
+1
Dalil
2019-08-03 08:44:11
Чоң жоопкерчиликтүү жумушка аларда кан басымы бар же жүрөгү оорулууларды албай турган мыйзам жазуу керек. Бизге ден-соолугу чың чиновник, ичи өтпөгөн (унитаздын чоңун заказ бергенин айтып жатам)депутат керек.
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-08-03 09:21:40
Булар креслого отурганга ант берейин деп жатканда давлениялары которулуп журоктору ооруп больницага тушуп же уйундо даарыланса ошондо буларга ишенсе болот элге кызмат кылат деп.
0
Baihan07
2019-08-03 13:45:26
Жалаң эле чимкириктер эмес арасында какырыктар да бар.
+1
nabievich
2019-08-04 23:44:51
Рысалиев намысы таза киши ким Батукаев боюунча Атамбаев жооп бериши керек
+1
altyn-kumush
2019-08-05 00:10:52
О дуйно кетип калбасын деген го. Кантсе да карап туруш керек. Коёндун суротун тартчу суротчулор кобойду
0
altyn-kumush
2019-08-05 00:11:35
Чын эле Ден-соолугуна байланыштуу болсо макул, анан жакшы болгондо турмонун торуно которуп коюш керек
0
altyn-kumush
2019-08-05 00:12:28
Батукаев боюнча АША жооп бериши керек. Раисанын да колу бар деп жургон. Аны да унутуп калбаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан