Алайда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Дагы 4 адам ооруканада

Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Дагы 4 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-майда саат 11:30 чамасында Таш-Короо айыл аймагында орун алган. Анда ДЭУ Матиз менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"ДЭУ Матиз унаасынын айдоочусу аял киши болгон. Кырсыктын кесепетинен аял башкарган унаанын ичиндеги 1937-жылы туулган Р.А. жана 1952-жылы туулган Т.А. аттуу эки жаран каза тапкан. Ал эми Матиздин айдоочусу жана Хонда Одиссей унаасындагы 3 адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген", - дейт маалымат кызматынан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дагы дайындалды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
patiydin
2019-05-04 15:57:22
Тилеке баатыр которулушу (подемы)окшойт. Ким тушуп баратса ошол кунолуу. Секин тушуш керек бул жерде. Себеби билинбеген которулушу. Бул жерде аравандык футболчуларда авария болгон.
+2
Benazir08
2019-05-04 17:14:45
Ушул жерден ото секин тушуш керек жол тайгак эмес деп эле учуп кетишет. Жайлары жаннаттан болсун эми бирин бири камашат эми 1937-жылкы чал окшойт ушунча жашаптыр эми бейиши болсун
+1
Alai-
2019-05-04 23:24:17
Кимиси кунолуу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан