Ош-Араван унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Каза болгондордун арасында 2 айлык наристе бар

Ош-Араван унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 7-майда саат 17:10 чамасында Ош-Араван унаа жолунда болгон.

"Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Жигули унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Жигули унаасынын айдоочусу, жанында отурган жүргүнчүсү жана 2 айлык наристе каза болгон. Ал эми дагы 4 адам Араван аймактык ооруканасына жеткирилди. Учурда кырсык боюнча жеринде кызматкерлер иштеп жатышат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жабырлануучулардын аты-жөнү такталып, кошумча маалымат берилет", - дейт басма сөз кызматкери Рашид Сыдыков.

Ош-Араван унаа жолунда кырсыктан 3 адам каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан