"Элдик видео" бөлүмүнө депутат Асылбек Жээнбековдун Тазабек Икрамовдун уулунун сүннөт тоюнда бата берип жаткан видеосу жүктөлдү. Видеодон ак дасторкон үстүндө Асылбек Жээнбеков бата берип жатканын, жанындагылар алакан жайып турганын байкоого болот.
"Тазабек (ред.: Икрамов) инибиздин уулу Сооронбай Тазабековичтин бүгүнкү сүннөт тоюна насип этип алып келдиң Жаратканым. Соорондун ден соолугун бекем, өмүрүн узун кыл. Ыймандуу, өзүң жакшы көргөн уулдардан болсун. Чоңоюп, чуркап иштеп, чоң үй-бүлөнүн кожоюну болсун. Көп уулдуу, кыздуу болсун. Тазабек инибизге жөлөк болсун, жардамчы болсун. Тазабектин тукумун уланткан, кубандырган жигиттерден болсун", - деген.