Депутат айыл жерлеринде мүрзөгө жер берүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын билдирди

Айыл жерлеринде мүрзөгө жер берүүдө көйгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште комитет жыйынында депутат Айтмамат Назаров билдирди.

"Акыркы 5 жылдан бери жерди трансформациялоодогу көйгөйлөрдөн улам айыл жерлеринде таза суу, таштандыларды жок кылуу маселеси курч турат. Мындан сырткары, мүрзөгө жер берүүдө да көйгөйлөр жаралууда. Негизи бул маселени мыйзам долбоору менен карап чыгып, чечүү керек. Жерлерди трансформациялоону жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүп берүү керек. Жергиликтүү бийлик органдары кайсы жерге эмне керек экенин жакшы билишет, ошол себептен бул милдетти аларга өткөрүп берүү керек.

Бүгүнкү күндө завод, фабрика курам дегендер бар болгон күнү да жерди трансформациялоо маселеси чечилбей келет. Бул мыйзам долбоору менен негизги жагдай "жайыт жерди ижарага берүүгө жана жеке менчикке берүүгө болбойт" деген жерин сактап калдык. Мыйзам долбооруна ылайык, жайыттарды башка максаттарда колдонууда жеңил конструкцияларды колдонууга уруксат берилмекчи. Мыйзам долбоорунун негизинде жер маселелеринде негизги принциптерин бузбоо каралган", - деди депутат.

Юстиция министрлигинин өкүлү бул орчундуу маселе экенин баса белгилеп, мыйзам долбоорун кароодо айрым министрликтер тарабынан каршы пикирлер айтылганын билдирди.

Комитет жыйынында жерди пайдалануу маселелери боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан