Айрым соода борборлорунда электромагниттик нурлануу нормадан 100 эсе ашык деген билдирүүнү бүгүн, 6-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында физикалык факторлорду көзөмөлдөө тобунун жетекчиси Жаныбек Арзыкулов айтты.
"Айрым соода борборлорунда электромагниттик нурлануу нормадан 100 эсе ашык. Эгер ишенбегендер болсо, өкмөттүк топ түзүп текшерүү иштерин жүргүзөлү. Жумушчу топко сөзсүз түрдө байланыш агенттигинен бир адам, өкмөттөн бир адам болсун. Мен бул нерсени жөн айтып жаткан жокмун, күйгөнүмдөн айтып жатам", - деди Арзыкулов.
Депутаттын бул нерсени далилдөөчү документтер барбы деген суроосуна ал документтер бар экенин айтты.
Ал эми буга Байланыш операторлор ассоциациясынын башчысы Айбек Куренкеев: "Мындай базалык станциялар Орусия, Кытай, ошол эле Казакстанда жана башка өлкөлөрдө деле коюлат, мындан кайсы бир абалды сууруп чыгып, ызы-чуу кылуунун кажети жок", - деди.
"Нормадан ашканда адамдын бооруна, баш мээге терс таасири тиет. Анын таасири адамга бир эле күндө тийбейт, бирок бара-бара зыянын тийгизет. Өлкөдө бул тармакта илим изилдөөчү институттар жок. Ошол себептен Орусиянын институттарынын нормалары менен иш жүргүзүлөт", - деп кошумчалады Арзыкулов.
Комитет жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жерди пайдалануу маселелери боюнча" мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.