Депутат: "Ар кандай социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн төрөгөн аялдар да бар экен"

"Ар кандай социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн төрөгөн аялдар да бар экен", - деп бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

"Аз төрөшсүн деген оюм жок, бирок төрөлгөн балдардын келечегин да ойлоо керек. Азыркы күндө тойго барсаң деле сөзгө калчу болбодукпу, мен "төрөбөсүн" деген мааниде айтып жаткан жокмун. Ар бир баланы төрөр алдында анын келечегин да ойлоо керек деген ойго кошулам. Мисалы, ар бир төрөлгөн наристе бала бакчага, мектепке барышы керек, тиешелүү шарттарда чоңоюшу керек.

Өлкөдө жумушсуздук, коңшу өлкөлөрдө эмгектенген жарандарыбыздын дээрлик жарымы оор жумуштарда иштеп жатат. Мен, албетте, бул мыйзам долбоорун колдоого чакырам", - деди депутат.

Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү жөнүндө талкуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
tynara81
2019-05-06 17:16:24
Кыйраткан соц төлөм төлөнгөнсүп айтыптыр го. Россиядагыдай төлөгөндөчү, эмнелерди гана айтмак эмессиңер.
+17
jasgul
2019-05-06 17:42:40
tynara81,ошо да. Анык акмак киши го. Кыйратып жатасынар да, балдардын пособиясын да жон толобой. Балдарыбызды ушул багып аткансып. Андан коро иш орун тузуу боюнча баш оорутпайбы. Бул эмне бага алсан торо дегениби. Ар бир бала оз ырыскысы менен туулат.
+14
Tunerbei1812
2019-05-06 17:24:25
Оозуна келгенди оттоп коюптур да. Биздин ЖК зериктире койбойт.
+15
Bars88
2019-05-06 17:34:23
Кой десе чычалашат.Берген соц толому 400-500 сом аны силерге окшогон койлорго чоп алып берсе дагы бир айга жетпейт
+16
Alixan-Nookat.2015
2019-05-06 18:14:11
Былжырабачы кыйратып социалдык төлөм төлөгөнсүп сүйлөшөт
+12
elchi84
2019-05-06 18:14:32
Эл озу менен озу тиричилик кылып жатышат торойбу торобойбу силерден сурабайт алар деле ата эне жакшы ниетте болот .Келечекте ушулар чонойгуча биздин 120 жепжутарлардын ордуна ынсаптуу ыймандуу адамдар келсе деп ниет кылат да.
+12
bond02
2019-05-06 18:26:09
Социалдык толомду оз чонтогундон берип жатасынбы? Соз арасында актанып да отупсун.
+5
Tolkun555
2019-05-06 18:27:51
Шер Ниязды да жакшы молдо таап окутуп коюш керек болуп калыптыр
+9
Baktiyar731
2019-05-06 19:16:48
Садык Шер-Нияздан ушул сөз чыкса, калганы кайда барат? Ишенген кожом сен болсоң кепшеген оозуң урайын дейбиз да. Бала туулса мамлекет камкордукка алыш керек экендигин бул депутат билбейт окшойт. Ар бир туулган бала өз ырыскысы менен туулат.
+8
Luna15
2019-05-06 20:16:28
Россиядагыдай толосо олтурушмокго,декретной отпускамдыле 94мин алдым башкасын айтпаганда,айылда женемдин 7баласы бар 3500алам дейт Ошо эмнеге жетет анан эле асмандан суйлошот депутаттар
+5
katerina.li
2019-05-06 20:27:05
Ии бетим беш териси. Миллион акча бере тургансып суйлоптурго. Мен 3 балам бироосуно да алалган жокмун. Куйоон иштейт экен,акчанар жетет деп коюшкан
+6
munar1980
2019-05-06 23:15:03
Мен Садык Шер-ниязды сыйлайт элем бул жолу сыйлай албай калдым мынчалык пас кетет деп ойлобопмун ото пас денгеелде соз суйлоптур канча бала торолсо оз ырыскысы менен кошо торолот эч ким эч качан эч кимди тыяа албайт сен торо или торобо деп ал Аллахтын бергени мынчалык дегеелге тушпонуз Садык шер-нияз
+5
Nursbaike
2019-05-07 10:42:49
Ай ХХХХ Балалуу болгон кедей да сенин 700 сомун карабайт
0
admin_portal
2019-05-07 12:40:36
Rajo100, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөр үчүн БАН!
0
Sprite
2019-05-07 15:16:25
Нее соз айтышты да билбей калдым,мен эки балама пособие чыгартайын десем,куйоон Россияда экен,кайнагандын машинасы бар,болунгон эмессин деп чыгарбай коюштуго таанышым жок кала бердим.Таанышы бар эн байлар алышат пособиесин да башкасын да.Ушулар биринчи озунорду эптеп алгылачы,бироонун баласын коюп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан