Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун бошотуу боюнча иш каралып, сот чыгарган чечимге ылайык, ал сот залынан боштондукка чыкты. Суталиновду абактан чыгарууга бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканы негиз болгон.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары Улуттук коопсуздук кызматын (азыр УКМК) башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "2010-жылы 7-апрелде УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновдун боштондукка чыкканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
ИСАКОВ: "Соттун Мурат Суталиновду боштондукка чыгарганы туура чечим болду"
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков соттор гумандуулук менен чечим чыгарды деген пикирде.
"Албетте, туура чечим болду. Себеби анын оорусун комиссия аныктап, тактап берди. 4-даражадагы рак илдети менен жабыркаганын аныкташты. Соттор да гумандуулук менен чечим чыгарышыптыр. Бул абдан кубанычтуу. Биз ага ден соолук каалайбыз", - деди ал.
МАМЫТКАНОВ: “Абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча мыйзам бир гана Мурат Суталинов үчүн жазылган эмес”
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамыткановдун айтымында, абакта отурган ар бир адам өз укуктарын билиши керек.
“Суталинов абакта отуруп айыкпас ооруга кабылды. Бул киши сотто элден кечирим сурады. Оор абалдагы адамды ден соолугуна байланыштуу түрмөдө кармай берген ыймандыкка жатпайт. Учурда Орозо убагы болуп жатат, соттун чечими ушуга байланыштуу болду.
Эгер абакта ушундай абалда жаткан адамдар болсо, бизде Акыкайтчы институту бар, ошого кайрылса болот. Бул мекеме арызды карап туруп, сотко кайрылышы зарыл. Адам укуктары боюнча бейөкмөт уюмдар кошулуп жардам берип жатат. Суталиновду бошотуу иши көп убакыттан бери созулуп келе жатат. Анын дарты боюнча экспертизалар жүрүп, көпчүлүктүн чечими менен натыйжалар сотко келди. Ошолорго таянып, сот Суталиновду бошотуу чечимин кабыл алды”, - деди Мамытканов.
ОШУРАХУНОВА: “Эртең мамлекет башкаларды да Суталиновдой бошотууга даяр болобу? Кеп ушунда”
Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, Мурат Суталиновду бошотуу гумандуу чечим болду.
“Сот гумандуу болуш керек. Өлкөбүздө көп жылдар бою жазаларды гумандаштыруу процесси жүрүп жатат. Ошол эле учурда гумандуу чечимдер тандалган адамдарга гана болбошу зарыл. Эртең Суталиновдукундай диагнозу бар абактагы адамдар кайрылса, мамлекет аларды бошото алабы? Кеп ушунда. Эгер ошондой кыла алса, анда адилеттүү болот”, - деди Ошурахунова.
САРАЛАЕВ: “Бийлик Мурат Суталиновду бошотуп, айкөлдүгүн көрсөттү”
Жарандык активист Тимур Саралаевдин пикиринде, Мурат Суталинов жазасын толугу менен тартты.
“Курманбек Бакиевдин маалында УКМКны башкарып турган Мурат Суталиновду ден-соолугунун оор абалына байланыштуу боштондукка чыгарышканын бийликтин айкөлдүгү деп эсептейм. Суталинов толугу менен жазасын тартты, керек болсо ден соолугунан ажырап калды”, - деди Саралаев.
ЖАМГЫРЧИЕВ: "Мурат Суталинов өзүнө тиешелүү жазаны алды"
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы Амантур Жамгырчиев Мурат Суталиновго берилген жаза кийинки бийлик башындагыларга дагы сабак болуш керек деген пикирин айтат.
"Акыркы убакта көптөгөн адамдар, коомчулук Суталиновду колдоп кетти. Бул резонанстуу окуя болду. Ошол эле учурда бизге кайрылгандар болуп жатты, анын арасында юристтер да кайрылып, ооруп жаткан адамга ырайым кылуу керек деген өтүнүчтөрүн айтышты. Биз ооруп жатам деген адамды улам түртмөлөй алган жокпуз. Эгер ушунчалык ооруп жатса, гумандуу болобуз деп жатышса, юридикалык жактан туура болсо чыксын, бирок жабырлануучулардын, кыргыз элинин алдында кечирим сурасын дегенбиз. Моралдык жактан күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурашын айтканбыз. Бүгүн боштондукка чыгып, кечирим сурады. Өзүнүн күнөөсүн элдин жана жабырлануучулардын алдында толук моюнуна алып, кечирим сураганы жакшы. Ал өзүнө тиешелүү жазаны толугу менен тартты деп ойлойбуз. Суталиновдукундай жаза кийинки бийлик башындагыларга дагы сабак болуш керек", - дейт Жамгырчиев.
ТОКТАКУНОВА: “Суталинов гана эмес, оор илдетке кабылган башка соттолуучулар да мөөнөтүнөн мурда чыга алат. Бул мыйзамда каралган”
Юрист Таалайгүл Токтакунова Мурат Суталиновдун боштондукка чыгышы мыйзам чегинде болду деген пикирде.
“Баары мыйзам чегинде болду, мындай мүмкүнчүлүк мыйзамда каралган. Анда соттолгон адам ден соолугуна байланыштуу жаза өтөөчү мекемеде калууга болбой турган болсо, өтөп жаткан мөөнөтүнөн мурда чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ар бир жагдай, окуя боюнча дарыгерлер жана сот дыкаттык менен карап чыгат. Мурат Суталинов гана эмес, мисалы, учурда жаза өтөөчү мекемелерде ушул сыяктуу оор илдетке кабылган соттолуучулар да жактоочулары аркылуу сотко кайрылууга укуктуу”, - дейт Токтакунова.
АБДЫЛДАЕВ: "Мурат Суталинов Бакиевдердин тапшырмасы менен киши колдуу өлтүрүлгөндөр жана 2010-жылы ким элге ок чыгарганы боюнча көп нерсе билет"Журналист Сыргак Абдылдаев Мурат Суталиновдун бошотулушу боюнча анда эки түрдүү пикири бар экенин айтты.
"Биринчиден, гумандуулук жактан караганда, соттун чечими менен макулмун. Суталиновдукундай илдет менен көп жашаш мүмкүн эмес. Турмуш аны өзү жазалады, ошондуктан аны түрмөдө кармоонун зарылчылыгы жок. Бирок мен азыркы президентти түшүнбөй жатам: өлүмгө алып келгидей илдет менен ооруган адамды абакта кармаганга канчалык катаал өлкө башчы болуш керек? Нюрнберг процессинен кийин оорукчан нацисттик кылмышкерлерге да мынчалык ырайымсыз мамиле болгон эмес.
Ачык айтканда, бүгүн Мурат Суталинов мен 2009-жылы болгон абалга түштү – өлүм менен жашоонун ортосундагы абалга. Мен го аман калдым. Ал эми Суталинов ден соолугун чыңдап, аман калабы – чоң суроо. Ал башка бирөөлөрдүн күнөөлөрү үчүн жооптуу болуп калды. Эми ал өмүр бою мага окшоп дарыканага “иштейт”. Менин сөөктөрүмдүн сынганы анын рак илдетине жана жакындап жаткан өлүмдү сезгенине караганда оңой эле нерсе. Өлүмдүн жакындап жатканын сезүү кандай экенин мен да жакшы билем.
Суталинов Бакиевдердин кылмыштуу буйруктарын аткарган команданын мүчөсү болсо да, мен ага батыраак айыгып кетүүнү жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Экинчиден, Суталиновдун ордунда түрмөдө башка адамдар отуруш керек эле. Тагыраагы, Бакиевдердин тушунда бардык саясий, экономикалык кылмыштарды жасаган жана 2010-жылдагы апрелде адамдарды аткылоого жооптуу УКМК менен ИИМдин жогорку кызматтагы жетекчилери абакта отуруш керек эле. Анткени Суталиновдун күнөөсү тергөөдө да, сотто да толук аныкталган жок да. Мындан тышкары, Суталинов тапшырма менен өлтүрүүлөр жана 2010-жылы ким элге ок чыгарганы боюнча көп билет: ким снайпер болгон, аларды ким алып келген деген сырларды. Бирок ал айтпай жатат жана айтпайт дагы. Ага карабай жакында баары ачыкка чыгат деп ойлойм”, - деди Абдылдаев.