Кечээ, 16-майда кримтөбөл
Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри
Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси
Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге
киргизилди. Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер
Эмил Макимбетов жана лаборант
Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып,
тергөө абагына киргизилген. Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Азиз Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер эмес, буйрукту аткаргандар кармалып жатат дегенге кошуласызбы?" деген собол салды.
АКАЕВ: “Батукаевди бошотуу боюнча дарыгерлерди камабай, чоң "киттерди" караш керек”

Депутат
Жанар Акаев Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту ким бергени ачык суралса туура болмок деген пикирде.
“Менин оюмча, акырындык менен буйрук бергендерге чейин жетет го. Бирок жөнөкөй дарыгерлерден бери камалып жатканы өкүнүчтүү. Алар жогорку жактан ошондой диагноз койсо аткарууга милдеттүү да. Жөнөкөй дарыгерлерди камабай, чоң "киттерди" караш керек. Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту ким бергени ачык суралса туура болмок”, - дейт Акаев.
ТУРУСКУЛОВ: “Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер да, аны аткаргандар да жооп бериши керек”

Депутат
Жыргалбек Турускулов мыйзам чегинде бардыгы бирдей жооп бериши керек деген пикирде.
“Батукаевди бошотууга шарт түзүп бергендер бошотулушу керек. Буйрук берген кишилер дагы жооп бериши шарт. Крим чөйрөсүндө жүргөн кишини 2-3 күндүн ичинде өлөт деп чыгарып жиберген туура эмес. Буйрук бергендер, аны аткаргандар дагы жоопко тартылышы шарт”, - дейт Турускулов.
ИСМАИЛОВА: “Онкологдор Батукаевдин чыныгы диагнозу менен космоско учса болорун айтышкан”

Жогорку Кеңештин депутаты
Аида Исмаилова ошол учурда жасалма диагнозду чыгаруудан баш тарткан дарыгерлер болгондугун айтты.
"Мен бул жагдайда дарыгерлер боюнча айта алам. Окуянын баары диагноз коюудан башталган. Ошол диагноз болбосо, бул нерсе болмок эмес. Менин маалыматым боюнча, дарыгерлерге Батукаевге бул диагнозду коюп бергиле деген сунуштар түшкөн.
Бир онколог менен сүйлөштүм, ал убагында Жогорку Кеңешке келип, комитетке бул боюнча айтып бергенин билдирди. Ал Батукаевдин чыныгы диагнозу менен космоско да учууга боло турганын айткан.
Учурда социалдык тармактарда кармалган дарыгерлерди аяп жатышат, бирок бул сунуштан баш тарткан дарыгерлер деле болгон да. Алар учурда тынч уктап, эч нерседен корккон жок. Ал эми макул болгон дарыгерлер камакка алынып жатат.
Убагында бул маселе Жогорку Кеңештин ичинде каралган. Бул диагноз боюнча каршы аныктама түзгөндөр да болгон. Алар “бул туура эмес, кандын курамы мындай” деп баарын далилдеп беришкен. Учурда ал дарыгерлерде “бизди кармап кетет” деген коркунуч жок. Дагы бир айта турган жагдай Батукаевге ал диагнозду койгондор дарыгер эмес, ишкер болуп кетишкен. Бул чечим болбосо ал чыга албайт болчу, бул анын жалгыз мүмкүнчүлүгү болгон жана ал муну колдонду. Эгер каршы пикирин айткан дарыгерлер менен өзүм сүйлөшпөсөм, балким, мен дагы социалдык тармактагы колдонуучулардын пикирин колдомокмун.
Диагноздун жасалма экенин далилдеген, бир нече барактан турган аныктама менен өзүм таанышып чыккам. Ал аныктама комитеттин чечимине да кирген. Ал эми ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт", - деди ал.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Батукаевди качырууга ким буйрук бергенин аныктоо үчүн учурда буйрукту аткаруучулар суракка алынууда”

Депутат
Мирлан Жээнчороев бул иште буйрукту аткаргандар суракта анын башында ким турганын ачыктайт деген пикирде.
“Ар бир кылмыш иликтенгенде ага тиешелүү болгон тараптарды, адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү аракеттер көрүлөт. Тактоо иштеринин алкагында кимдин кандай ролу болгону аныкталат, ким буйрук тапшырган, ким аткарган, ким үгүттөгөн, ким көз жумган? Мына ушулар белгилүү болот. Ким өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонгон эмес. Маселе кармоодо, тергөөдө. Ошондо баарын чакыруу керек. Бул иште кээ бирин кармап, кээ бирин коё берди дегенден алысмын.
Эң биринчи маалыматтар аткаруучулардан чыгат. Ошол себептен бүгүнкү күндө алар жоопкерчиликке тартылып, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул нерсе туура эле деген ойдомун. Аткаруучулар кандай үгүттөөлөр болгонун, кылмыш иштерине ким түрткү болгондугун да ачыктайт. Бугүнкү күндө уюштуруучуларды далилдөө жана аныктоо максатында аткаруучулар жоопко тартылууда”, - дейт Жээнчороев.
ТУРДУКУЛОВ: “Батукаевди бошотууга буйрук бергендер да, аны аткаргандар да теңме-тең жоопкерчиликке тартылышы керек”

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү
Адил Турдукулов күнөөлүүлөр жоопкерчиликке ошол убакта тартылбай, бир канча убакыт өткөндөн кийин тартылгандыгы жаман адат деген пикирде.
“Батукаевди бошотуу боюнча буйрукту бергендер дагы, аткаргандар дагы теңме-тең жоопкерчиликке тартылышы керек. Диагноз койгон дарыгерлерден баштап аны бошотууга макулдугун берип, суранган прокурор, чечимди чыгарган соттор, андан тышкары ошол кездеги чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиев баары жоопкерчиликке тартылышы керек. Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке ошол убакта эле тартылышы керек болчу”, - дейт Турдукулов.
КЕЛДИБАЕВ: “Батукаевге берилген диагноздун калп экени аныкталбай туруп дарыгерлерди камоо - негизсиз”

Коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев белгилегендей, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, түрмөдө жаткан адам карып калса же өтө оорулуу болуп калса соттун чечими менен ал жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулат.
“Батукаевди бошотууга ким буйрук бергени боюнча далил жок. Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык, түрмөдө жаткан адам карып калса же өтө оорулуу болуп калса соттун чечими менен ал жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотулат. Батукаевди бошотууда медициналык кызматкерлердин корутундусу чыгып, ошонун негизинде сот чечимин чыгарган. Дартты аныктоо анализи болбогондо сот андай чечим чыгара албайт болчу. Батукаевге барып кайрадан анализ жүргүзүлүп, далилденген жок. Батукаевге жалган диагноз коюлган деп далилденгенден кийин дарыгерлерге кылмыш ишин козгоп, жоопкерчилиги каралышы керек болчу. Тилекке каршы, андай иштер болбой туруп дарыгерлерди камап жатканы негизсиз”, - дейт Келдибаев.
КАДЫРБЕКОВ: "Батукаевдин ишин кайра көтөрүүнүн башкы максаты Атамбаевге жетүү"
Саясат таануучу
Даниел Кадырбеков Батукаевдин иши кандай максатта кайра тергелип жатышы мүмкүн дегенге токтолду.
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин маселеси бир нече жылдан кийин көтөрүлүп жатканына караганда, Батукаевдин бошотулушуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түз тиешеси болгонун табышкан окшойт. Менин оюмча, башкы максат бул иш аркылуу Атамбаевге жетүү", - деди Кадырбеков.