КҮНСОБОЛ: Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.

SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерине Кыргыз өлкөсү продукция чыгара албай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев белгилегендей, Кыргыз мамлекети экономикалык жактан Орусия, Казакстанга теңеле албайт.

"ЕАЭБ саясий биримдик болуп калды. Экономикалык жактан биз Орусия, Казакстан менен теңеле албайбыз. Биздин экономикабыз чакан. Бул биримдикке киргенде 180 миллион эли бар рынок ачыла турганы айтылган. Бизге Казакстан, Орусиянын продукциялары келип жатат. Ал эми Кыргыз мамлекети продукцияларын чыгара албай жатат.

Бирок ошол эле учурда аталган биримдикке киргенден тарта Кыргыз мигранттары жумушка орношкондо жеңилдиктер болуп жатат. Мигранттар Кыргыз мамлекетине акча которуп жатышат. Жаңы үйлөр курулууда. Бул жагынан алып караганда бизге пайда жактары бар", - деди Бекешев.

САБИРОВ: "ЕАЭБдеги келишимдер аткарылышы үчүн бир нерсени садага чабыш керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери көп нерсе оң жакка кетип жатат деген ойдо.

"Мурда бизде газ өчүп турчу, "Газпром" келип азыр бул маселе жоюлду. Бизге Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду келди, анын аркасы менен 100дөн ашык долбоор ишке аша баштады. Бизде курулуп жаткан 20дан ашык заводдор бар, эртең ал жерде иш орундары түзүлөт, буга убакыт керек. Ушул нерселерди биз карап турушубуз зарыл. Бирок бул маселе тез иштеши керек эле. Лабораториялар 2 жыл ичинде курулуп бүтүшү керек болчу, бирок дагы эле бүтө элек. Өкмөттүн кайра-кайра алмашкандыгынан же саясий чечимдердин айынан ушундай кармалуулар болуп турат.
ЕАЭБдин ичиндеги ич ара маселелер бар, анын баарын сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Жалпы ЕАЭБдин алкагында мамлекеттердин экономикасы бара-бара оңолот деп ойлойм. Келишимдердин баары аткарылышы үчүн бир нерсени садага чабыш керек. Мисалы, ЕАЭБге кирбеген мамлекеттердин инвесторлорунун көбү кача баштады. Анткени ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер бири-бирине инвестиция кылып жатышат, үчүнчү өлкөлөр бул жакка келгенде аларга чоң салык салынууда. Мындан улам унааларды ташууда кыйынчылыктарга кабылып калдык", - деди Сабиров.

САЗБАКОВ: "ЕАЭБге болгон соода-сатыктын көлөмү азайды. Импорттун көлөмү азайып, экспорттун көлөмү көбөйдү"

Өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков билдиргендей, аталган биримдикке киргенде чоң базар түзүлдү.

"Чоң базарга чоң инвесторлор келет. Ошол инвестициялык жагынан биздин өлкөбүз дагы бир потенциалды алып жатат. Мындан тышкары бир нече жылдан бери сырткы соода жүгүртүүбүз өсүп келе жатат. Көрсөткүчтөр боюнча, соода жүргүзүү 2017-жылы 12,2 пайызга өстү. Анын ичинен экспорт 12,1 пайызга өстү, ал эми импорт болсо 12,4 пайызга өстү. 2015-2017-жылдары ички дүң продукциясынын өсүшү 4,2 пайызды түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Мындан тышкары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ал фонддун капиталына 500 миллион доллар бөлүнгөн, дагы 500 миллион доллар алып келгенге мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары Орусия тарабынан 200 миллион доллар жардам алдык. Бул толугу менен грант болуп келди. Ал 200 миллион доллар эмнеге кетет? Кытай, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен чек арада болгон өткөрмө пункту толугу менен жабдууланды. Мындан тышкары бир нече лабораториялар жаңы курулуп, кээ бири модернизацияланды. Бүгүнкү күндө бажы биримдигине киргенден баштап Казакстан, Орусия ортосунда бажы көзөмөлү, фитосанитардык көзөмөл алынды. Азыр биздин соода-сатыгыбыз эркин жүрүүдө.

2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, биздин соода-сатыгыбыздын жалпы көлөмү 4 миллиард 276 миллион долларды түздү. Бул 2017-жылдын 9 айына салыштырганда 9,5 пайызга өстү. Анын ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон соода жүгүртүүбүз 3,5 пайызга төмөндөп кетти. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБге болгон экспортубуз 5,2 пайызга көбөйдү. Көлөмүн айта кетсем, жалпы экспортубуз 1 миллиард 37 миллион доллар болгон. Анын ичинен 387,5 миллион доллар - бул ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге болгон экспорт. Жалпы ЕАЭБге болгон соода-сатыктын көлөмү азайды. Анткени импорттун көлөмү азайды. Бирок экспорттун көлөмү көбөйдү. Импорттун азайышы, экспорттун көбөйүшү - бул жакшы көрсөткүч", - деди Сазбаков.

АДАМАЛИЕВ: "ЕАЭБдин курамына киргенден кийин биздин ишкерлер чыгымга учурашты"

Экономист Улан Адамалиевдин пикиринде, ЕАЭБдин пайдасын Кыргыз өлкөсү көрө элек.

"Чынын айтканда азырынча пайда, зыяны тууралуу анализди түзмө-түз айтууга эрте. Так айтыш үчүн 10-15 жылдай убакыт керек. Бирок азыркы күндө зыянынан пайдасы көп болуп жатат. Мисалы, бизде экспорт азайды, импорт көбөйдү, мурда экспорт менен импорттун айырмасы 3 эсе болсо, азыр 5 эсе болуп калды. Бул экономика үчүн терс таасирин берет.

Бажы союзуна кирерде өкмөт өкүлдөрү “бизнестеги жоготууларды компенсация кылып беребиз” деп, бирок аткарышкан жок. Биздин ишкерлер чыгымга учурашты, чакан жана орто ишкерлер Орусиянын чоң ишкерлери менен атаандаштык түзө албай калды.

ЕАЭБдин пайдасын көрө элекпиз, анткени союзга кирсек күйүүчү-майлоочу каражаттар кымбаттабайт деген. Тилекке каршы, учурда кымбаттап жатат. Чек аралар ачылат, биздин дыйкандар өндүргөн товарын сыртка экспорт кыла алат деген, бирок чек аралар ачылган жок. Чек ара бир тараптуу ачылды, бизге сырттан келип жатат биздин дыйкандар сыртка чыгара албай калды", - деди Адамалиев.

ЧОРОЕВ: "ЕАЭБге киргендеги пайда – биздин мигранттарга жеңилдетилген режим кирди"

Экономист Кубан Чороевдин пикиринде, ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөргө атаандаштык жаратыш үчүн узагыраак мөөнөт керек.

"Эң чоң пайда Орусия, Казакстанда эмгектенген мигранттарга жеңилдетилген режим кирди. Бажы союзуна киргенден кийин 5 жылдык аралыкта экономикада утулуулар боло турганы башында эле билинген да. Себеби биздин экономиканын структурасы Орусия, Беларустун товарларына атаандаштык түзө албай калат. Эгерде алыскы мөөнөттү ала турган болсок, аларга атаандаштык түзө тургандай моделди жаратып алабыз, узак мөөнөт ичинде өз позициябызды аныктап алууга жетишебиз. Ошондон кийин биздин өлкө кайсы тармактан атаандаштык жарата алсак, ошол тармакты өркүндөтүп кетебиз. Мисалы, биздин жеңил өнөр жай тармагынан мүмкүнчүлүктөрүбүз кенен. Ошондо биз бардык багыт менен алектене бербей, өз ордубузду таба турган багыттарды тандайбыз.
Бул процесс бат эле 5 жылдык аралыкта болуп кетпейт да. Стратегиялык жактан биз, албетте, утушка ээ болобуз деген үмүттөмүн, а тактикалык жактан бүгүн утулуп жатабыз. Себеби биз даяр эмес болчубуз. Биз бул жолдон да өтүшүбүз керек болчу, ЕАЭБге кирген өлкөлөргө өз товарыбызды чыгарып, атаандаштык түзө алсак, анда башка өлкөлөргө да товар чыгарсак болот", - деди Чороев.

НУРСУЛТАН АКЫЛБЕК: "Өкмөт ЕАЭБдин потенциалын максималдуу түрдө колдоно албай жатат"

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек аталган биримдикке карата Кыргыз өкмөтү жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатат деген пикирде.

"Биз ЕАЭБге даяр эместигибизге карабай чоң үмүттөр менен кошулганбыз. Сын жөндөн-жөн эле пайда болгон жок. Анткени биздин өкмөт ЕАЭБдин потенциалын максималдуу түрдө колдоно албай жатат. Инвестиция тартуу, жарандардын укугун коргоо начар жүрүүдө. Өкмөт Кыргыз мамлекетинен уюмга мүчө өлкөлөргө кеткен экспортту коргой албай жатат.
Таң калычтуусу, биз ЕАЭБге киргенибизге бир нече жыл болду, бирок Евразия экономикалык комиссиясынын структурасы жана функциясы менен биздин депутаттар өткөн жумада гана Москвадан таанышып келишти. Бул биз тараптын уюмга болгон абдан чоң жоопкерчиликсиз мамилесинин белгиси.
Мисалы, Өзбекстан биримдикке кирбесе да, Орусия менен 27 миллиард долларлык келишимге жетише алды. Биз мындай долбоорлорду, тилекке каршы, сунуштай албай жатабыз. Ошондуктан биздин өкмөт ЕАЭБдин ичинде мамлекетибиздин кызыкчылыгын, жарандарыбыздын укугун коргошу керек. Экспортубуз тоскоолдуктарга учурабашы зарыл. ЕАЭБдин стандартына тез арада өтүшүбүз керек. Бул уюмдун потенциалы чоң, бирок аны биз колдоно албай жатабыз. Сындар ушул жактан пайда болууда", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан