КҮНСОБОЛ: Айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды жеке менчикке өткөрүү туура кадамбы?

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтун, Улуттук хирургия борборун өзүн-өзү каржылоо боюнча пилоттук доолбору иштелип чыкты. Учурда токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыкты. Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура кадамбы?" деген собол салды.

ЭРГЕШОВ: "Мамлекеттик оорукананын абалы оор болсо өзүн-өзү каржылоого өткөрсө болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов абалы жакшы мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүүгө каршы экенин айтты. "Мамлекеттик оорукананын абалы оор болсо, каралбай калса өзүн-өзү каржылоого өткөрсө болот. Ал эми абалы жакшы ооруканаларды өткөрүүгө каршымын. Себеби бекер оорукана болушу керек. Өлкөдө Орусиянын, Түркиянын жана башка мамлекеттин менчик ооруканалары көп", - деди Эргешов.

ТОКТОШЕВ: "Мамлекеттик ооруканаларды акы төлөөгө өткөрүү туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул туура эмес кадам экенин айтты. "Конституцияда билим алуу, медициналык тейлөө акысыз деп жазылган. Ошондуктан мамлекеттик ооруканаларды акы төлөөгө өткөрүү туура эмес. Негизи мамлекеттик ооруканалар коммерциялык болбошу керек", - дейт Токтошев.

ИСМАИЛОВА: "Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоорунда кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дагы бул токтом долбоорун колдоп жатканын айтты. "Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура эмес. Мисалы, Кыргыз-Түрк ооруканасы жеке менчик эле болуп калды.

Өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмү эмненин негизинде сунушталып жатат? Ал жерде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу иштейт. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн. Бул маселени парламенттин тийиштүү комитетине алып чыгам. Мамлекеттик ооруканаларын өзүн-өзү каржылоого өткөрүп берсек социалдык колдоого муктаж жарандарыбыз эмне кылат? Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн", - дейт Исмаилова.

ИКРАМОВ: "Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бул талкууга алынышы керектигин айтты. "Мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүп салса турмуштан кыйналгандарга оор болуп калат. Бирок азыр деле бекер нерсе жок дары-дармектерди сатып алышат. Айрым дарыгерлер ар бир кылган иши үчүн мамлекеттен да, жарандардан да акча алып жатышат. Бул токтом долбоорун карап көрүш керек. Негизи мамлекеттик ооруканаларды менчикке өткөрүү туура эмес", - дейт Икрамов.

МАМАШОВА: "Мамлекеттик ооруканалар өзүн-өзү каржылоого өткөндө дарыгерлердин чөнтөгүнө түшкөн акчалар кассага төгүлөт"

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик оорукананы өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча долбоорду пилоттук түрдө иштетип көрүшү керек деген пикирде. "Ошондо мамлекеттик ооруканадагы дарыгерлер жакшы иштегенге умтулушат. Мамлекеттик оорукананын деңгээли көтөрүлөт. Азыркы учурда дарыгерлердин 80 пайызы мамлекеттик ооруканадан чыгып, жеке менчик ооруканаларда иштешет. Өзүн-өзү каржылоого өткөндө алардын айлыктары көбөйүп, дарыгерлердин чөнтөгүнө түшкөн акчалар кассага төгүлөт", - дейт Мамашова.

БАТЫРАЛИЕВ: "Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү бул менчикке өткөрүү эмес"

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев айрым мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча токтом долбоору талкууга алынышы керек деген пикирде.

"Мамлекеттик ооруканаларды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү менчикке өткөрүү эмес. Бул мамлекеттик оорукананын каржылоо системин көзөмөлгө алуу болуп саналат. Мындай кадам элге сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө алып барат. Ооруканалардын абалы начар болсо өзүн-өзү каржылоого өткөрүү туура. Ошондо мыйзамсыз төлөмдөр болбой калат. Бирок мамлекеттин камсыздоосуна муктаж болгондордун да абалы каралышы керек. Алар эсепке алынбай менчик ооруканалардай болуп кетсе нааразычылык жаралат. Бул токтом долбоору чоң талкууга алынып, анан кабыл алынышы шарт", - дейт Батыралиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан