Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген собол салды.
ТУРУСКУЛОВ: "Депутаттар каникулдан келип акклиматизация болуп жатышса керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов эл өкүлдөрүнүн өз пикирлери жок деген сөзгө кошулбай турганын айтты.
"Жогорку Кеңеш өз пикири, позициясы жок, кылчактама болуп калды" дегенге кошулбайм. Коомчулук эмне боюнча доомат коюп жатканын билбейм. Кечээ акыйкатчы тандалып жатканда деле өзүнүн оюн айткан депутаттар болду. Жогорку Кеңештин ишине жакшы деген баа берем. Эч нерсе өзгөргөн жок. Өз ойлорун айта албай калды дегендей шамал да болгон жок. Бизди эч ким пикириңерди айтпагыла деп мажбурлаган жок. Депутаттар жаңыдан ишке киришип, каникулдан кийин акклиматизация болуп жатышса керек", - дейт Турускулов.
КАДЫРАЛИЕВА: "Жаздагы парламенттин чечкиндүү болуп калышы деле бийликтин позициясы болчу"
Экс-депутат Ыргал Кадыралиева бүгүнкү парламент кайсы маселеде болбосун өз эркиндигин көрсөтө электигин, болгону бийликтин пикири кандай болсо ошону көрсөтүүдө деген пикирде.
"Жаздагы парламенттин чечкиндүү болуп калышы деле бийликтин позициясы болчу. Ал кездеги бийликтин позициясы мурунку бийликтин жасаган мыйзам бузууларын алып чыгайын дегени үчүн жаздагы парламент коомчулукка маселелерди ачык айткандай көрүнгөн. Мен парламенттин жаздагы ишине эркин деп баа берген эмесмин. Балким, мурунку “шефтеринин” колунан чыгып эркин боло түшкөндүр, бирок бүгүнкү “шефтеринен” эркин болуп, кайсы маселеде болбосун өз позициясын көрсөтө элек. Жаздагы ЖЭБ боюнча маселедеги парламенттин пикири ошол кездеги бийликтики, азыркы парламенттин ою деле азыркы бийликтин пикири. Ошол себептен парламентти эркин болуп кетти деп айтуудан алысмын. Депутаттардын кечээки акыйкатчыны тандоодогу “сиз акыйкатчы болууга татыктуу эмессиз” деген көз карашын популизм катары бааладым. Черчиллдин төмөнкүдөй мааниде айткан сөзү бар, “Биз кичине болсо да иш кылыш үчүн иштедик эле, азыркы саясатчылар элдин алдында кимдир-бирөө болуп калыш үчүн гана иштеп жатат”. Популист депутаттар элдин мактоосунда, эл оозунда болуш үчүн гана иштеп жатышат", - деди Кадыралиева.
САРИЕВ: "Парламент 10 жылдын ичинде азыркыдан жакшыраак отурукташып калат"
Саясий серепчи Марс Сариев билдиргендей, азыркы учурда Кыргыз мамлекетинде саясат деген жок.
"Европанын критерийин алсак, бизде саясатчылар отурукташа элек. Европалык нормалар кире элек. Парламентте партиялар идеология менен иштебесе саясатчылар өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырат. Жогорку Кеңеште ишкерлер отурушса, алар саясий идеология менен жумуш жасабайт да. Бири-бири менен тил табышып компромисске барган этап болуп жатат.
Фракциялар идеология менен иштебесе, саясатчылар өз кызыкчылыгын коргоп жатса, Жогорку Кеңештин ишине кандай баа берем? Парламент 10 жылдын ичинде азыркыдан жакшыраак отурукташып калат деген ойдомун", - деди Сариев.
МОЛДАЛИЕВ: "Депутаттар жеке кызыкчылыктарына байланыштуу бийликке көз каранды болууда"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев белгилегендей, коомдо депутаттар тууралуу көп сындар айтылып келет.
"Негизи бүгүнкү күндө элитанын абалы төмөн. Эртең Жогорку Кеңешти таркатып, кайра шайлоо уюштурсак, ушундай эле адамдар келет. Негизи СССР кулагандан кийин жан талашып байыгандар, билими төмөн, чала окуп, эптеп диплом алгандар Жогорку Кеңешке депутат болуп келип жатышат. Мунун натыйжасы элитабыздын начар, позициясы жок экенин көрсөтүүдө. Бул бизге эле тиешелүү эмес, бизден алдыда турган Орусия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу өлкөлөрдө деле ушундай абал. Коомдун деңгээли кандай болсо, элита да ошондой болот. Жогорку Кеңештин ишмердигине тиешелүү акыркы окуяларды айтсак болот. "Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин депутаттардын табияты өзгөрүп кетти" дегенге кошулбайм. Акыйкатчыны шайлоодогу көрүнүштү айта турган болсок, эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү көз карандысыз укук коргоочуларга караганда Токон Мамытовдун талапкерлигин ылайык деп табышты. Анткени Жогорку Кеңештеги көптөгөн депутаттар Токон Мамытов менен чогуу иштеп келишкен. Ошон үчүн аны менен мындан ары да иштешүү оңой. Ал эми Рита Карасартова жана Канатбек Азиз - сырттагы адамдар. Биздин бийлик журналисттерди, жарандык активисттерди, көз карандысыз укук коргоочуларды жактыра бербейт.
Депутаттардын ичинен жаңы салынып жаткан жолго экс-президенттин атын берели дегендер да болгон. Мыйзам боюнча, адам каза болгондон кийин 5 жылдан соң анын аты бир жолго жана нерселерге ыйгарылат. Эл өкүлдөрү өздөрү мыйзамды окушпайт. Депутаттардын бийликке кылчактагандыгынын көп себептери бар. Негизгиси - жеке маселелерге байланыштуу. Ошон үчүн бизде орто катмар өнүкмөйүнчө демократия болбойт", - деди Молдалиев.
АСАНБЕКОВ: "Парламенттеги эл өкүлдөрү элдин пикири менен эсептешпей калды"
"Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун пикиринде, бүгүнкү парламенттеги депутаттардын деңгээли төмөн.
"Мыйзамда парламенттин ролу абдан жогору, бирок Жогорку Кеңештеги партиялардын, депутаттардын деңгээли төмөн болууда. Ошол себептен өз кадыр-баркын түшүрүп алууда.
Жазда саясий оюндар болуп, чуулгандуу коррупциялык окуялар чыгып, парламент активдүү аралашкан үчүн элде үмүт пайда болгон. Чындап келгенде ал иштер популисттик иштер менен башталган, коррупциялык иштер бир күндө башталган эмес да, бул системдүү түрдө уланып келе жаткан нерсе. Эл ага маани бербей эле популисттик темага ишенип, парламенттин деңгээли эл арасында өскөн. "Жөжөнү күздө сана" дегендей, ишинен жыйынтык чыкпай калып иш жүзүндө сапаты төмөн болуп жатат.
Кечээки акыйкатчыны шайлоо тууралуу айтсак, кадр маселеси ачык эшик аркылуу жүргөн жок. Тымызын сүйлөшүлүп эле добуш берүүгө чыгарып коюшту. Эл өкүлдөрү элдин пикири менен эсептешкен жок", - деди Асанбеков.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Жогорку Кеңеш бийлик эмне десе ээрчип калды"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңеш таркашы керектигин айтты.
"Мен Жогорку Кеңеш күчүн көрсөтө баштады" деп айткандарга каршымын. Бул бирөөлөр айтып койгон сөз болуш керек. Менин жеке оюм боюнча, азыркы парламент элге жакпаган иш-аракеттерди жасап жатат. Мисал катары, акыйкатчыны шайлагандары боюнча айтсам болот. Алардын таркап кетүүсүн талап кылып акцияга чыгып жатам. Депутаттар эл менен иштешпей туруп, элдин пикирин эске албай туруп мурда коопсуздук кызматында иштеген адамды акыйкатчы кылып отургузганы туура эмес. Жогорку Кеңеш туура эмес иш-аракеттерин дагы деле улантып жатат. Парламент бийлик эмне десе ээрчип калды. Бул парламент ишке жарабайт, таркап кетсин!", - деди Токтонасыров.