Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык фракциялардын лидерлери өлкөдө кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын айтып, өкмөттү сынга алышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт отставкага кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керектигин билдирди. Ал өлкөдө көйгөйлөр абдан көп, жоопкерчилик жок болуп жатканын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Оппозициялык фракциялардын лидерлери өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз барбы?" деген собол салды.
ШЫКМАМАТОВ: "Өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппайт"
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппай турганын белгиледи.
"Менин оюмча, бул сунушту күн тартибине коюп, өткөрүү кыйын. Көпчүлүк коалиция урабайт. Ага негиз деле жок. Өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси колдоо таппайт. Анткени көпчүлүк премьер-министрди колдоп жатышат. Экономиканын абалы жакшы эмес, инвестиция жок, импорт экспорттон үч эсе көп. Кадрдык баш аламандык, мамлекеттик карыз чачтан көп болуп жатат. Айтор, макроэкономикалык көрсөткүчтөр өтө начар", - дейт Шыкмаматов.
ТӨРӨБАЕВ: "Өкмөт өзүнүн агымы менен эле эч нерсе болбогондой ойдо болуп жатат"
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев өкмөттө жоопкерчилик болбой жатканына токтолду.
"Көчөдө бизнесмендердин өлтүрүлгөнүн, Түркияда киши колдуу болгон Саймаитинин консулдун номуру менен жүргөнү боюнча жакшы билесиздер. Көмүргө болгон баанын көтөрүлүшү, электр энергиясына коюлган лимиттин коюлушу, электр энергиясына болгон баанын өзгөртөбүз деген ойду айтышты. Кадамжай, Лейлектеги шахтадагы адамдардын өлүмү бул жерде эч кимдин жоопкерчилиги жок болуп жатат. Өкмөт өзүнүн агымы менен эч нерсе болбогондой эле ойдо болуп жатышат.
2018-жылдын бюджети да аткарылган жок, 95 пайызга гана аткарылды. Мына ушунун негизинде көпчүлүк коалицияга кайрылып, "бул силердин өкмөтүңөр, башка саясатты жүргүзгүлө же өкмөттү отставкага кетиргиле" деп башка жашоо, башка нукта баралы деген ойду айттым", - деди Төрөбаев.
ОРМОНОВ: "Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок"
Депутат Улукбек Ормонов өкмөттү кетирүү үчүн негиздүү себептер болушу керек деген пикирде.
"Өкмөттү отставкага кетирүүгө эч кандай негиз жок. Учурда өкмөт 2020-жылдын бюджетин даярдоо менен алек болуп жатат. Мындай маселелер негизи өкмөттүн жылдык отчётунун жыйынтыгы менен көтөрүлүшү керек. Өкмөттү отставкага кетирүү үчүн жетиштүү негиз болушу зарыл. Жөндөн-жөн эле "кет" деген болбойт", - дейт Ормонов.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Депутаттардын өкмөттү отставкага кет дегенин шайлоо алдында өзүн өзү көрсөтүү деп бааласа болот"
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз жок деген ойдо.
"Азыр өкмөт эч нерсе чече албайт. Ошондуктан өкмөттү кет деп айтканга негиз деле жок. Бул Конституциянын кемчилиги. Өлкөдө болуп жаткан саясий, экономикалык кризис үчүн өкмөт жооп бербейт. Ушундай абалда туруп калганда, депутаттардын өкмөттү отставкага кет дегенин шайлоо алдында өзүн өзү көрсөтүү деп бааласа болот", - дейт Чолпонбаев.
МАДУМАРОВ: "Өкмөт кетирген катага Жогорку Кеңеш да жооп бериши керек"
Саясатчы Адахан Мадумаров өкмөт ката кетирсе, аны кураган Жогорку Кеңеш да жооп бериши керек деген пикирде.
"Жогорку Кеңеш бул өкмөттүн курамын кураганда эле ката кетирген. Өкмөт өзүнүн бир жарым жылга жакын мезгилдеги ишинде эмне деген маскаралыктар, эмне деген чуулгандуу окуялар болду. Маалымат каражаттары өкмөт башчысынын туугандары кызматка коюлуп жатат деп жазып жатышты. Кызматка коюлган адамдын адискөйлүгү, чебердиги, тажрыйбасы жетпестен, уят болгон канча учурлар болду. Мына ушул учурлардын ар бири боюнча өкмөттү кетирүүгө толук түрдө жүйөлүү себептер толтура болчу. Өкмөт башчы коомчулукта, саясий элитанын ичинде кадыр-баркка ээ болгон инсан болушу керек. Бул өкмөт кетирген катага өздөрү гана жооп бербестен, ушул өкмөттү кураган Жогорку Кеңеш да жооп бериши шарт. Бул силердин өкмөт деп бири-бирине шылтап отурбастан, бардык депутаттар жооп бериши керек. 5 жылдын ичинде канча өкмөт куралса, алардын кетирген катасына Жогорку Кеңеш толук түрдө жооп бериши зарыл", - дейт Мадумаров.
КЕЛДИБЕКОВ: "Азыр өкмөттү отставкага кетирүү боюнча негиз көрбөй жатам"
Саясатчы Ахматбек Келдибеков өкмөт иштегенге аракет кылып жатат деген ойдо. "Оппозициялык фракциялар эмненин негизинде өкмөттүн отставкасын талап кылышканын уккан жокмун. Бирок бүгүнкү күндө өкмөт аракетин жасап, иштеп жатат. Иштей албаган министрлер алмаштырылууда. Азыр алдыда өкмөт өткөн жылдын отчётун тапшырышы керек. Азыр өкмөттү отставкага кетирүү боюнча негиз көрбөй жатам. Мамлекетте жасай турган иштер көп. Өкмөттүн ишинде албетте, кемчиликтер бар. Кээ бир иштей албай жаткан министрлерге суроолор көп болуп жатат. Айрым министрлер менен коштошуш керек", - дейт Келдибеков.
ИСАКОВ: "Парламенттик системде депутаттар өздөрү бекиткен өкмөттөр үчүн толук жоопкерчиликти алышы зарыл"
Жарандык активист Гүлжигит Исаков кезектеги чабал өкмөттү кетирип, кайра андан кем калбаган кийинки өкмөттү бекитүү "Оро албаган орок тандайт" деген ата-бабаларыбыздын накыл кебин эске салат деген пикирде.
"Негизи, парламенттик системде депутаттар өздөрү бекиткен өкмөттөр үчүн толук жоопкерчиликти алышы зарыл. Өкмөттүн ийгилигине дагы, ийгиликсиздигине дагы орток болушу зарыл. Иш билги өкмөттү түзө албагандыктын өзү чоң жоопкерчилик. Кезектеги чабал өкмөттү кетирип, кайра андан кем калбаган кийинки өкмөттү бекитүү "Оро албаган орок тандайт" деген ата-бабаларыбыздын накыл кебин эске салат.
Депутаттардын өкмөттү кетирүү ниети бар болсо, анда ушул жылдын жазында эле отчётту алып, ошонун негизинде кетирип салса болот эле. Президенттин Жогорку Кеңештеги бир ооз сөзү менен депутаттар эрктерин көрсөтө албай, айдактама болуп калышты", - дейт Исаков.