КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?

12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылга карата премьер-министрдин отчётун уккан. Жыйынтыгында комитет өкмөттүн отчётуна "канааттандырарлык эмес" деген баа берген жок. "Анда Сапар Исаков жумуштан мыйзамсыз кеттиби?" деген суроонун негизинде SUPER.KG порталы собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: "Сапар Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамдуу"

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Сапар Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамдуу экенине токтолду. "Депутаттар Конституциялык укугун пайдаланып, Сапар Исаков "Кумтөр" боюнча тымызын келишим түзгөндүгү, кадр саясатындагы чабалдыгы үчүн ишеним көрсөтпөө процедурасы менен кызматтан кеткен. Ишеним көрсөтпөө процедурасы Конституцияда так жана даана көрсөтүлгөн. Ал эми учурда жалпы өкмөт курамынын отчёту каралып жатат. Ар бир өкмөт жыл сайын отчёт бериши керек", - дейт Шыкмаматов.

ТУРУСКУЛОВ: "Сапар Исаков кызматтан кетип жатканда отчётко эмес, премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөн"

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Сапар Исаковдун кызматтан кетиши мыйзамдуу экенин билдирди.

"Биз, үч оппозициялык фракция саясий баа бергенбиз. Кемчиликтерди далилдеп айтып бергенбиз. Конституциянын 85-беренесине ылайык, депутаттар укугубузду колдонуп, премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз. Отчётко эмес, өкмөт менен премьер-министрге ишенбөөчүлүк көрсөткөбүз. Оппозициялык фракциялар ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин парламент колдоп берген", - деди Турускулов.

МАСАЛИЕВ: "Сапар Исаков мыйзам чегинде кызматтан кеткен"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Сапар Исаков ишеним көрсөтпөө менен кеткендигин айтты. "Исаков мыйзам чегинде кызматтан кеткен. Аталган комитет өкмөттүн отчётуна эч кандай баа берген жок. Премьер-министрдин отчётун карап жатканда оппозициялык фракция топтолуп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Андан соң оппозициялык фракциянын чечимин Жогорку Кеңеш колдогон", - деди Масалиев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Өкмөт жакшы иштесе да мыйзам бузган премьер-министрге парламенттин ишеним көрсөтпөөгө укугу бар"

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Исаковдун кызматтан кетиши мыйзамдуу, себеби анын жеке өзүнө айып тагылып жатат.

"Эгерде премьер-министрдин өкмөттөгү иши эң жакшы болсо да, ал коррупцияга же кандайдыр бир мыйзам бузууга Жогорку Кеңеш же укук коргоо органдары тарабынан күнөөлөнсө, анда ага парламенттин ишеним көрсөтпөөгө укугу бар. Өкмөттүн жеке өзүнө баа берилет. Укук коргоо органдары тарабынан күнөө коюлуп жаткан болсо, албетте, ал кызматынан алынат, анда органдар күнөө койбош керек болчу.

Биздеги өкмөт башчылардын баары эле бирдей иштейт, бири-биринен аз эле айырмаланат. Бүгүнкү өкмөттү кетиргенге деле себеп пайда болуп калды. Былтыркы жылга салыштырмалуу экономика начарлады. Былтыркы 5 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү ички дүң продукциянын өсүшү 6,1 пайыз болчу, азыркы 5 айдын жыйынтыгы менен 0,7 пайыз. Азыркы өкмөт бир дагы ишти жасай алган жок, бир дагы экономикалык, саясий маселени чече алган жок", - деди Жээнбеков.

АЛТЫБАЕВА: "Парламентте Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамсыз же мыйзамдуубу деген маселе жок"

КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева "Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн отчётуна баа бериши керек" деген талап регламентте жазылган эместигин белгиледи.

"Бүгүн Жогорку Кеңеште 2017-жылдын отчёту каралып жатат. Андан кийин өкмөттүн отчётуна баа берилет. Мындай же тигиндей баа берилет деп айта албайбыз. "Сапар Исаковдун кызматтан кеткени мыйзамсыз же мыйзамдуубу" деген маселе жок. Өкмөттүн отчётуна 2017-жылы жасалган иштер боюнча баа берилет", - дейт Алтыбаева.

Аталган собол менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылганыбызда, ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан