Абакка тыюу салынган каражаттар кандай жол менен кирип жатканы белгилүү болду (фото)

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы соттолуучу жарандарга тыюу салынган буюм-тайымдар кандай жолдор менен кирип жатканын билдирди.

"Биздин кызматкерлер тыюу салынган каражаттарды киргизбөө аракеттерин көрүп жатышат. Бирок кызматкерлердин тыкыр көзөмөлүнө карабай, тыюу салынган заттар ар кандай жолдор менен кирип жатат. Бул тууралуу фактылар бар. Мисалы азык-түлүккө, эттин ичине, бут кийимдерге тыюу салынган заттарды салып, соттолгондордун жакындары киргизүүгө аракет кылышат.

2019-жылдын биринчи кварталында 5 миң 475 тинтүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында 130 миң сом акча, 638 телефон, 97 литр спирт ичимдиги, 121 литр ачытылган сыранын түрү, 426 саюучу же кесүүчү буюм жана 5 килограммдан ашык баңгизаты алынган", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
vikidiki
2019-05-08 19:42:55
Калп эле олумуш болуп калышат "корсо билбей журсок, ушинтип кирип жатыптыр да?! " деп. Доляга отуруп жургондорун унута калышып. Ха!
+21
uli1234
2019-05-08 20:14:50
Оздору эле киргизип берет иштегендер жалганды суйлобосунчу
+18
Ermekbai
2019-05-09 00:27:25
Евро ремонтторду ким кылып жатат. Кыздарды ким кандай жол менен апкирип берип жатат. Элди тупой ойлошобу булар.
+16
Chungyz
2019-05-09 00:38:53
Элдин баары эле билет кантип киришин тонналап кирет
+15
Kaary
2019-05-09 05:52:28
Эх, ким кимди алдагысы келет а? Башка эле жолун тапкыла! Болбой калды, Супер дагы, кантип кирип жатканын билбей калгансып, белгилүү болду дегенин. :)
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан