Ошто 3 турак үйдөн өрт чыкты

Ош шаарында 3 турак үйдөн өрт чыкты. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы 8-май күнү катталган. Окуя тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмгө 12:30 чамасында келип түшкөн.

"Ош шаарындагы Пахта көчөсүндө жайгашкан №11,13,15 турак үйлөрдөн өрт чыккан. Өрт саат 14:57де чектөөгө алынып, саат 15:55те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 3 турак үйдүн болжол менен 250 чарчы метр чатыры, бөлмөлөрдүн шыбы күйгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар катталган жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан