Бүгүн, 9-Май - Жеңиш күнүндө борбор калаада "Өлбөс полк" акциясы башталды. Эртең менен саат 9:00дө ага катышууну каалагандар борбордогу Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чогулду. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, оорукта эмгектенгендердин, фронтко салым кошкондордун, деги эле эстеп, эскерип жүргүсү келген чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп келишкен. 10:05. Акция башталды. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да катышууда.
10:19. Ушул тапта акциянын катышуучулары оркестрдин коштоосунда улам-улам "Ураа-Ураа" деп кыйкырып жөө жүрүш менен бара жатышат. Ар бири колдоруна бүгүнкү Жеңиштин келишине салым кошкон, ар дайым эскерип жүргүсү келген жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.
10:28. "Өлбөс полк" акциясы уланууда. Учурда музыканын коштоосунда анын катышуучулары колдоруна сүрөттөрү көтөрүп алып жөө бара жатышат. Алардын жүрүшү музыка менен коштолууда. Ошондой эле акцияга атайын тартылган аскердик унаалар да жай жүрүп бара жатат. Сооронбай Жээнбеков жөө жүрүшкө катышып, кайра кетти. Кечээ Бишкек шаардык кеңеши президент акцияга катышып жаткан учурда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынарын билдирген. Бүгүн ЖМК өкүлдөрүнө карата андай тыюулар болгон жок.
10:30. "Өлбөс полктун" катышуучусу: "Бул менин чоң атам. Согуш учурунда минага жарылып бир көзү, бир колунан айрылып келген. Анын элесин жүрөгүмдө түбөлүк сактагым келет".
10:33. "Жеңиш үчүн рахмат!" "Өлбөс полкко" катышкандардын айрымдары балдары менен бара жатат. Алар "Жеңиш үчүн рахмат" деп бүгүнкү Жеңиш майрамын алып келген ардагерлерге ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
10:58. "Өлбөс полкко" келген ардагерлер SUPER.KG'ге комментарий беришүүдө. Алардын бири Евгений Проскуряков бүгүн, 9-майда 88 жашка толуп отурат. "Майрамдык маанайым эң жакшы. Согушка катышкан эмесмин. Бирок тылда фронтко салым кошконум үчүн орден алгам", - дейт ал.
11:05. "Өлбөс полктун" катышуучуларынын бири басып бара жатып жыгылып калды. Аны тургузууга милиция кызматкерлери жардамдашты. Жыгылган улгайган адамга тартип сакчылары жөө жүрүшүн токтотуусун сунушташты.
11:21. "Өлбөс полк" акциясынын катышуучулары жетелешип алып, ырдап жөө бара жатышат.
11:28. Жөө жүрүш уланууда. Ага катышкандар бир кылка тизилип жол улап бара жатышат. Аларды сырттан көрүү үчүн да бир топ эл топтолгон.
11:41. SUPER.KG порталы 4 жылдан бери бул жүрүшкө катышкан тургундан комментарий алды. Ал акцияга атасынын сүрөтүн көтөрүп чыккан. "Атам 2012-жылы каза болуп калды. Бүгүнкү күн - мен үчүн чоң майрам. Ыйлагым келип турат" деди ал.
12:11. Жүрүшкө чыккандар "Жеңиш" аянтына келип токтошту. Ал жерде параддык аскер кийимин кийген жаштар бийи менен акция уланууда.
12:30. Жүрүш борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында өчпөс отко гүлчамбарларды коюу менен жыйынтыкталды. Катышуучулар жалпы 6,5 чакырым аралыкка басышты.