Ошто Жигули унаасы Хонда Степвагон унаасын сүзүп, 28 жаштагы жаран каза болду

Ош шаарында жеңил унаа жол кырсыгына кабылып, 28 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-март күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Рыспай Абдыкадыров менен Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"22 жаштагы айдоочу Жигули унаасын башкарып бара жатып, жол четиндеги Хонда Степвагон унаасын сүзүп, андан ары даракты сүзүп токтогон. Мындан улам Жигулиде жүргүнчү катары бара жаткан 28 жаштагы жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон. Учурда айдоочу кырсык боюнча суралып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан