Бишкекте жеңил унаа жол жээгиндеги мамыны сүзүп, унаанын ичинде бара жаткан 20 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-октябрь күнү түнкү саат 23:30 чамасында Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндө болгон. Анда айдоочу ВАЗ-2109 унаасын Шабдан баатыр көчөсү менен чыгыш тарапка айдап бара жатып, жолдун жээгиндеги мамыны барып сүзгөн.
"Окуя болгон жерден 21 жаштагы айдоочу И.А.нын моюну жабык түрдө сынып, Бишкектеги Травматология жана илим изилдөө борборуна кайрылган. Ал эми анын жанында бара жаткан жүргүнчү А.у.М. окуя болгон жерде каза болгон. Унаа айып короосуна токтотулуп, кырсык боюнча териштирүү ишетри жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.