Өзгөндө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында унаа жолдо Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган И.М. аттуу эркек киши каза болгон. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.