Бишкекте Мирбек Атабековдун апасын белгисиз адамдар катуу сабап, 70 миң доллар акчасын уурдап кетишти деген маалымат жалган экенин бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген билдирди.
"Азыр бизге телефон чалуулар болуп, бул тууралуу сурашты. Жок, андай болгон жок, тарап жаткан бул маалымат жалган. Баары жакшы, апабыз жакшы жүрөт", - деди ырчынын жубайы.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарына Мирбек Атабековдун апасы жашаган Октябрь районундагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине белгисиз 3 адам беткапчан кирип, тоноп кетишкени жазылган. Анда белгисиз адамдар ырчынын апасын катуу ур-токмокко алып, колдорун байлап баалуу буюмдарын алып кетишкен деп жазып чыгышкан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 70 миң долларды түзгөнү жазылат маалыматтарда.