Эл депутаттарды партия аркылуу шайлаганда "оптом" (дүңүнөн) шайлап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Бишкекте "Адилеттүүлүк үчүн" комитети уюштуруп жаткан "2020: тобокелчиликтер" аттуу тегерек столдо депутат Исхак Масалиев билдирди.
"Шайлоого байланыштуу мыйзам долбоорун даярдаганбыз. Ага ылайык, шайлоо учурунда партиядагы депутаттардын тизмеси чыгат, анын ичинен шайлоочу өзү каалаган талапкерлерге добушун берет. Ал эми шайлоо бүткөндөн кийин партия лидерлери өзү каалагандай партиянын түзүмүн курбай, кайсы депутат көп добушка ээ болсо ошол кирмей болот.
Бул мыйзам долбоорубуз учурда кандайдыр бир белгисиз себеп менен комитетке чыга элек. Ушул айдын ичинде комитетке талкууга чыгат деп күтүп жатабыз", - деди Масалиев.
Тегерек столго шайлоо маселесине тиешелүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, партия өкүлдөрү, эксперттер катышууда.