Билим берүү жана илим министрлиги китептерди ката чыгарып чоң кылмыш жасап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз мамлекеттик университетинин география жана туризм факультетинин деканы Ырыскүл Токторова билдирди.
“Каталары бар чыккан 5- жана 6-класстын китептери басылмага кете электе эле Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Анда биз китептердеги каталарды көрсөткөнбүз. Бирок ага эч ким көңүл бурган жок. Ал китептер ошол бойдон каталары менен чыкты, мына бүгүнкү күндө балдар ошол китептен билим алууда. Ар бир бетинде катасы бар китепти балдарга окутуу - бул келечек үчүн чоң кылмыш. Биз балдарды маңкурттарга айлантып жатабыз”, - деди Токторова.