Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйынга 20га жетпеген депутат катышууда. Ал эми катталган депутаттардын саны 98 деп турат. Учурда "Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Күн тартипке ылайык, жыйында 5 маселе талкууланат.