Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" компаниясы боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Жыйындын башында эл өкүлдөрү аталган компания боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков фракциянын же комитеттин чечими болушу керектигин билдирген.
Жыйындын соңунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы бул боюнча төрагага чечим берди. Жыйынтыгында комиссия түзүлүп, курамы эртең, 16-майда бекитилмей болду.