Белгилүү актёр Роберт Де Ниро британиялык Warburtons Bread аттуу нан азыктарын чыгарган компаниясынын жарнамалык ролигине тартылды. Чет элдик басылмалар актёрдун бул акыркы жылдардагы эң мыкты ролу деп жазышууда.
Роликте Роберт Де Ниро кылмыш тобунун лидеринин ролун аткарат. Ал өзүнүн компаниясына атаандаш болгон Warburtons'тун жетекчисине келип, рынокто №1 болорун айтат. Ал үчүн Де Ниро атаандаш компаниянын таңгактарына өзүнүн компаниясынын атын түнү менен чаптап чыгат. Ошондой эле ал түнү менен дүкөндөрдө өзүнүн тегерек нандарын тизип, ал эми берки компаниянын нандарын жерге көмүп салат.
Америкалык белгилүү актёр, режиссёр жана продюсер 76 жаштагы Роберт Де Ниро - "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси. Ал "Өкүл ата" ("Крёстный отец"), "Ойгонуу" ("Пробуждение"), "Ата-эне менен таанышуу" ("Знакомство с родителями"), "Стажёр", "Казино" жана башка тасмаларда образ жараткан.