Аймактарды өнүктүрбөй туруп өлкөнү өнүктүрүүгө болбойт. Мындай пикирин бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев айтты.
Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселе каралууда.
"Аймактарды өнүктүрбөй туруп өлкөнү өнүктүрүүгө болбойт. Аймактар тажрыйбалуу дарыгерлерге муктаж. Учурда кесипкөй адис, тажрыйбалуу дарыгерлердин баары шаарда. Ал эми аймактарда алардын жетишсиздиги байкалат. Аламүдүн районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда, Лебединовка, Пригородное, Ала-Тоо, Озерное, Октябрское айылдарында иммунолог, акушер-гинеколог, физиотерапевт сыяктуу дарыгерлер жетишсиз.
Аймактардагы бул маселени чечүү үчүн да комплекстүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү өтүнөм. Бул маселе чечилмейинче, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча айтуу кыйын болот", - дейт депутат.