Депутат "Коопсуз шаар" боюнча: "Салынган айып пулдун 20 пайызы эле төлөнүп жатат, анын көлөмүн азайтуу зарыл"

"Айып пулдун суммасын алыбызга жараша кылбай, асмандан алдык" деп бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтты.

"Коопсуз шаар" долбоору жаңы ишке киргенде баары сонун болду деп айттык эле. Бирок ошондо эле айып пулдун көлөмүн азайткыла деп кайрылганбыз. Мына бүгүн бул маселени үчүнчү жолу көтөрүп жатам. Учурда салынган айып пулдардын 20 пайызы эле төлөнүп жатат. Бул коопсуз шаар кооптуу абалга кептеши мүмкүн.

Алыбызга жараша кылбай, айып пулдун көлөмдөрүн асмандан алдык. Эл аны төлөй албайт, аны ылдыйлатуу керек. Бул маселени тез аранын ичинде чечүү зарыл. Ушундай абалда жылып отурсак элди аргасыздыкка кептейбиз. Жолдордо эч кандай шарт жок, каалабасаң да жалпы линияны кесип өтөсүң, алгач жолдогу сызыктарды, жол белгилерин, жол жарыктарын оңдоп-түздөп алып, анан талап кылуу керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан