"Эмне себептен баяндаманын баары орус тилинде? Кыргыз тилин тоготуу керек", - деп бүгүн, 17-майда "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынын отурумунда депутат Айбек Алтынбеков айтты.
Ал фракция жыйынында маалыматтардын баары орус тилинде окулуп жатканына нааразычылыгын билдирип, баяндама жасаган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылды.
"Эмне себептен мамлекеттик тилди өнүктүрбөй жатасыздар? Маалыматтын баары кыргыз тилинде эмес, орус тилинде экен. Мен кыргыз тилдүү мектепти аяктагам.
Бардык маалыматтар, баяндама дагы, "Энергохолдинг" боюнча берген маалыматтар да орус тилинде экен. Сиз тейлеп жаткан кызматка айтышыңыз керек да. Кыргыз тилин тоготуш керек. Мындай болбосун", - деди депутат.
Буга Кубатбек Боронов: "Айрым терминдер түшүнүктүү болсун деп орус тилинде окулду. Буга сөзсүз түрдө көңүл бурабыз. Катчылык ушундай бериптир", - деп жооп берди.
Депутат биринчи вице-премьер күнөөнү катчылыкка оодарып койгонун айтты. "Катчылыктын жетекчиси "мага баары орус тилинде келди" деп айтып жатат. Кубатбек Айылчиевич, бизге орусча берилсе, анан биз кыргызча которушубуз керек беле? Котормочу эмеспиз да. Мисалы, депутат Алтынбек Жунус уулу орус тилин билбейт, ал кыргыз тилинде окуйт, кыргыз тилинде гана сүйлөйт. Сиздер мамлекеттик тилде маалымат берсеңиздер жакшы болмок, бул нерсени эске алыңыздар" - деди депутат.
Кубатбек Боронов бул сынга көңүл буруларын убадалады. "Негизи бизде эки тил колдонулат, ошол себептен баяндама орус тилинде окулду" деди биринчи вице-премьер.